Чет өлкөдөн бутуна турган кыргыздар үчүн "Мекен-карт" демилгеси ишке ашат

Жазылуу
Учурда президент Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан "Мекендештер" форумуна катышууда.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков чет өлкөдөгү мекендештерге Кыргызстанга инвестиция алып келүү үчүн ыңгайлуу шарт түзгөн "Мекен-карт" улуттук демилгесин тезирээк ишке ашыруу зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Учурда президент Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан "Мекендештер" форумуна катышууда.

Москва шаарындагы Кызыл аянт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Миграция кызматы кыргызстандыктарга Россиядан иш таап берүүдө. Жол-жобосу
Билдирмеге караганда, "Мекен-карт" идентификациялык картасына ээ болгон мекендештер мурда башка өлкөнүн жарандыгын алганына карабай, Кыргызстан менен байланышын үзбөй, анын экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Мындан тышкары, президент Кыргызстандын чет жердеги жарандары өлкөнүн миграциялык кызматына каалаган убакта кайрылуусу үчүн интернет-порталды ишке киргизүүнү тездетүү аракеттери көрүлүп жатканын белгилеген.

"Мекендештерибизди колдоого багытталган мыйзамдарды кабыл алуу керек. Сиздер менен чогуу жасай турган иштерге системалык мүнөз бериш үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын милдеттерин кайра карап чыгуу зарыл. Өлкөбүздүн мындан аркы өнүгүү жолун, түпкү максатын эске алып миграциялык процесстерди жөнгө салууну жогорку деӊгээлге көтөрүү абзел", — деген президент.

Чолпон-Атадагы "Мекендештер" форуму 9-августка чейин болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0