Түрк лирасынын куну түшүүдө. Кыргызстандык мигранттарга берген таасири кандай

© REUTERS / Murad Sezer / Illustration / File PhotoТурецкая лира
Турецкая лира - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркияда доллардын баасы бир күндө 5,75 лирадан дээрлик 6,80 лирага өсүп кетти.

Cumhuriyet басылмасы 2018-жылдын 10-августтун "кара жума" деп атап, учурда өлкөнү башкарып жаткан Адилет жана өнүгүү партиясынын (АК партия) тарыхындагы эң начар күн болгонун жазды. Андан сырткары, Түркиянын оор экономикалык абалга кептелиши бир гана Америка менен болгон пикир келишпестик эмес, анын тамыры көп жылдан бери сын айтылып жүргөн "АК" партиясынын экономикалык саясатына барып такалары айтылат. Тактап айтканда учурдагы бийликтин саясаттагы, укук жаатындагы жана демократия боюнча жасаган иштери себеп болгон.

Обмен валют в Джакарте - Sputnik Кыргызстан
Соңку беш айда мигранттар Кыргызстанга 972,3 миллион доллар жөнөттү
Hurriyet басылмасы 10-августта эртең менен лиранын долларга болгон катышы 5,75 болсо, кечинде анын баасы 6,80 лирага чейин өсүп кеткенин жазды. Адистердин айтымында, лиранын бир күндө кескин арзандап кетишине Financial Times гезитинин Европалык банктардын Түркияда оор кырдаалга тушугуп калганы боюнча маалыматы жана АКШнын президенти Дональд Трамптын Түркиядан келген алюминийге 20 пайыз, болотко 50 пайыз кошумча салык алына турганы боюнча билдирүүсү шыкакчы болгон.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өз учурунда Түркияда эмгектенип жүргөн мекендештерге кайрылып, лиранын арзандашы чет жактан келип иштеп жаткандарга кандай таасир берип жатканын сурады.

Түркияда көп жылдардан бери иштеп жүргөн Инаш Азим абал оор болуп жатканын айтты. Андан сырткары, экономикадагы туруксуздук жана экспорттун азайышы ушуга алып келгенин белгиледи.

"Өтө терс таасирин тийгизип жатат. Анткени мигранттардын баары алган айлыгын долларга которуп анан Кыргызстандагы үй-бүлөсүнө жиберет. Доллар көтөрүлүп кеткенден бери жибере албай, жиберсе да аз жиберип калышты. Эми мигранттардын агымы башка өлкөлөргө оошу мүмкүн, анткени доллардын көтөрүлүшү мээнетти актабай калат. Түркиядагы жашоонун кымбаттыгы да бул нерсеге түрткү болот. Азыр мигранттардын баары бушайман болууда", — деди ал.

Түркияда жеке бизнес менен алектенген кыргызстандык жаран (атын атагысы келген жок) лиранын долларга болгон баасы бир жумада аябай түшүп кеткенине карапайым калк таң калып жатканын айтты.

Уничтожение старых банкнот в Банке России - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы облусу мигранттардын которгон акчасынан көз каранды
"Баары эле дагы эмне болуп кетет деп күтүп отурушат. Лира менен айлык алгандар "Түркиядан кетсек кайда барабыз" деп кийинки өлкөнү ойлонушууда. Ал эми башка валюта менен айлык алгандар инфляция кандай болот деп күтүшүүдө. 1 доллар 5 лира болгондо бир айдан кийин 6 лирага чыгат, дагы үч айдан кийин 7 лирага чейин жетет деген божомол бар болчу. Бирок бир суткада эле 6 лирадан ашып, 7ге жакындап кетти. Азыр бир доллардын чыныгы баасы 7.38 лира деп жатышат. Мамлекет аны 6.45те кармап турат деген имиштер да бар", — деди ал.

Түркиядагы ири компаниялардын биринде иштеген Тынчтыкбек Кубатбеков дагы лиранын алсызданып кетиши бир топ эле терс таасирин берип жатканын айтты.

"Албетте терс таасирин тийгизүүдө. Анткени көпчүлүк легалдуу иштеген иммигранттар эмгек акысын лира менен алат. Аны долларга которо келгенде иштеп тапкан акчабыз аз эле чыгып калат. Мисалы, бир ай мурунку миң доллар азыр 750 доллар болуп калды", — деди ал.

Түркиялык журналист Гизем Каракыш лиранын куну 2001-жылдан бери биринчи жолу дароо түшүп кеткенин айтты.

Женская исправительная колония № 2 в Мордовии - Sputnik Кыргызстан
Улан-кыздарды кууратты деген компанияга эми Анталиядан арызданышууда
"Лиранын куну апта башынан бери өтө ылдамдык менен түшүп жатат. 2001-жылдан бери биринчи жолу ушундай көрүнүш болду. Инфляция жашоонун бардык тармагына таасир берет. Өзгөчө курулуш компанияларын жана доллар менен насыя алгандарды мүңкүрөтөт. Эгер ушундай темп менен кете берсе көптөгөн ишканалар банкрот болот. Тилекке каршы Түркия дагы чет жактан бир топ нерсени доллар менен алат", — деди ал.

Каракыш ошондой эле эми өкмөт кандай аракеттерди көрөрүн эл күтүп турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0