Элчилик Москвада кармалган 20 кыргызстандык тууралуу маалымат таратты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүГорода России. Москва
Города России. Москва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчиликтин өкүлдөрү милиция бөлүмүнүн жетекчи орун басары менен жолугушкан.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Москва шаарынын Текстильщики районунда укук коргоо органдары тарабынан кармалган кыргызстандык 20 жарандын 15и кое берилди. Бул тууралуу Россиядагы элчилик билдирди.

Мекендештердин кармалганы тууралуу маалымат элчиликтин ыкчам байланыш телефону аркылуу түшкөн. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери аталган аймакка барып, текшерүү иштери акыркы айда көбөйүп жаткан кылмыш иштерин иликтөөнүн алкагында болгонун аныкташкан.

"Элчиликтин өкүлдөрү милициянын бөлүмүнүн жетекчи орун басары менен жолугушкан. Кыргызстандын 15 жараны кое берилген. Бир кишиге карата административдик протокол түзүлүп, ал айып пул төлөмөй болду. Дагы үч адам боюнча административдик иштин материалдары сотко өттү", — деп айтылат билдирүүдө.

Консулдук бөлүмдүн адистери кыргызстандык мигранттар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0