Анталья пляжындагы кыз. Архивдик сүрөт

Бармак тиштеп каларың бат эле. Миграция азабын тарткан Түркиядагы кыргыз кыздары

2931
(жаңыланган 19:25 09.09.2018)
Өлкөдөгү жумушсуздуктун айынан миллионго чукул кыргызстандык чет мамлекетте жүрөт. Анын ичинде Түркияга агылгандары арбын. Айрымдары ошол жактан баар таап кемтигин бүтөсө, ошол эле учурда шылуундардын азабын тартып көз жашын көлдөткөндөр четтен чыгат.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча Кыргызстанда жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу менен алектенген 75 жеке компания бар. Алар быйылкы жылдын алты айында 4649 адамды 14 өлкөгө жиберген.

Жеке компаниялар жумуш ордун жана жатаканасын таап, виза ачтырып, билетин алып берип жөнөтөт. Бул кызмат үчүн 300дөн 500 долларга чейин төлөйсүз. Өз алдынча баргандар ошол жактагы жумушка орноштуруу ишканаларынан жардам алат. Эки жактан тең сак болбосоң, бармак тиштеп отуруп каларың бат эле дешет.

Соңку учурда кыргызстандыктардын көбү Түркияга агыла баштады. Sputnik Кыргызстан агенттиги ошол жактагы мигрант кыз-келиндердин үнүн угуп көр оокаттын оош-кыйыштарына көңүл бурду. Алар арман-күйүтүн ачык баяндаганы менен тек-жайын атоодон тартынышат. Бир чети намыстанып, коркуп, бир чети бала-чака, ата-энесин санаага салбайын деп аяйт. Мындан улам аты-жөнүн айтпаганына макул болуп, өзгөртүп бердик.

Биринчи каарман Жылдыз (аты өзгөртүлдү — ред.) 38 жашта. Эки жыл мурда Бишкектеги Мээрим деген аял аркылуу Анкарага кеткенин айтат. Бул жакта жолдошу менен эки баласы калган. Ага чейин Нарындын базарында соода кылчу.

"Барсам мен сүйлөшкөн аялдын Умида, Назима деген сиңдилери тосуп алды. Бала карап иштеп баштадым. Жумуш таап, билет алып берген кызматы үчүн биринчи айлыгымды (500 доллар) алгандан кийин менден кол үзүштү. Кожоюндар үйдөгү ишинин баарын мага жүктөп ит, мышыгына чейин карата баштады. Бир күнү бул жактагы эжелер менен жолугуп кыргыз ашканасынан өзүбүздүн даамдарды жегени баргам. Кайра келсем кожоюн мени урушуп, 15 күндө бир көчөгө чыгасың деп талап койду. Мага абактагыдай мамиле кылганына ызаланып кетип калдым", — деди мекендеш.

Ал жактан чыгып жумушка орноштурган кыздарга арызданса майнап чыккан эмес. Кайра өзүн күнөөлөп, ызы-чуу кылса депортация кылдыртып салам деп коркутканын айтат.

"Үйдөн чыгып жатканда жумушка орноштурган кыздарга чалсам, "Кызыл ай" аянтынан алып кетерин айтты. Барсам жок, телефонун өчүрүп албай койду. Ал жакта эч кимим жок, кайда барам деп ыйлап отурдум. Анан бир жолу таанышкан кыргыз эже эсиме түштү. Андан жардам сурадым, үйүнө алып кетип ошол жакта түнөп калдым. Эртеси жанагы кыздардын мекемесине барсам кайра "өзүң жөн иштебейсиңби" деп кагып-силкип чыгарып салышты. Алар менден кийин да далайын кууратып, көчөдө калтырды. Эч ким эч нерсе кыла албай жатат", — деди маектеш.

Мындай окуядан кийин үйүнө кайтууга камынып билет сурап авиакассага барат. Ал жерден Кыргызстанга кетип жаткан бир мекендешине кезигип кырдаалды түшүндүрөт. Ошентип таанышкан аял Жылдызды өзүнүн жумушуна орноштуруп, бир чалды карап калган.

Экинчи мекендешибиз Разия (аты өзгөртүлдү — ред.) Анкарага үстүбүздөгү жылдын 23-февралында барган. Ал да бир шылуунга кезигип, тузагына илингенин билдирди.

"Былтыр Бишкектен жумушка орноштуруу ишканасы аркылуу келип 7 ай абдан жакшы иштегем. Быйыл өз алдымча келип Динара Бекбалаева деген аялга кайрылдым. Ал турак жай тазалоо ишине жөнөтүп, үч ай иштедим. Бул учурда ал маянамдын жарым-жартылайын кармап кала берди. Документ жасоого акча алып, жасалмалап берип коюптур. Кайра башынан өзүм жасаттым. Бир нерсе десең полиция менен сүйлөшүп депортация кылдырам деп коркутат. Динара төрт баласы туруп, бул жактан түрк кишиге тийип алыптыр. Экөө биригип кыргыздарды сыздатууда. Түркияга келе тургандар ушул аялдан сак болгону оң", — деди каарман.

Разиянын жолдошу 11 жыл мурда каза болгон, жалгыз уулу Анталияда иштейт. Өзү башка жумушка орношкон.

Деген менен кыргызстандык кыз-келиндер өздөрү эле жеңил ойлуулукка алдырып жиберет дегендер бар. Ширинай Кубанычбекова Анкарадагы "Кузей инсан кайнаклары" деп аталган жумушка орноштуруу ишканасында катчы болуп иштейт. Ал бир нече журтташтарын бала кароо, үй жыйноо, карыларды жана оорукчан кишилерди кароо жумушуна орноштурган.

"Анкарада кыргыз кыздар абдан көп, бирок иштебей жүрүшөт. Келет, бир ай иштеп чыгып кетет. Анан эле көчөдөн, дискотекадан көрөсүң. "Эже, жардам бериңиз, көчөдө калдым" деп жалдырайт. Колуман келсе үйүмө алып барып же ишкананын жатаканасына жайгаштырам. Анан аны эки күндөн соң таппай каласың. Үч кыз билет алдыртып келгенден кийин телефонун өчүрүп таптырбай кетти. Алардын билетинин акчасы менин айлыгымдан алынат", — деди ал.

Кубанычбекова Түркияда төрт жылдан бери эмгектенет. Үч жыл бою бирөөнүн баласын карап иштеген.

"Кыргызстандагы агенттиктер менен иштешпейм. Интернет аркылуу гана сунуштайм. Мурда өзүм менен өзүм болуп көп нерсени билбептирмин. Мен жумушка киргизген кыздардын жарымы иштебей кетип калды. Айрымдары эки-үч айдан кийин жеңил ойлуулукка алдырып түрктөр менен жүрүп кетет. Өз көзүм менен көргөн жокмун, бирок уккандарым толтура. 16 жаштагы кыздар да келе баштады. Ата-энеси кантип коркпой жиберет, түшүнбөйм. 26 жашка чейинки кыздарды чет өлкөгө чыгарбоо мыйзамы кабыл алынса абдан сүйүнмөкмүн", — деди мекендеш.

Ал эми буга чейин Анталияга "Езекия" компаниясы арылуу кетип шарты начар үйгө жайгашып, визасы жок, убадаланган айлыкты ала албай арызданган Чолпон Раманкулованын иши алиге чейин чечиле элек. Ал компанияга эч кандай чара колдонулбай жатат.

"Эч нерсе өзгөргөн жок. Виза колубузга тие элек. Компаниянын директору Аман Эсенгуловго чалсак эч нерсени чече албай жатканын айтат. Катуу сүйлөсөк тымызын коркутууга өтөт. Айла жок оозубузду жаап отуруп калдык. Ыйлап атып карып бүтмөй болдук. Эмнеге ушундай компанияларды мамлекеттик органдар көзөмөл кылбайт", — деди Раманкулова.

Ушул эле компания 50гө чукул улан-кыздан Түркияга жиберүүнү убадалап акча алган. Бирок жумушка орноштура албай эки-үч айдан кийин укук коргоо органдарынын кийлигишүүсү менен акчаларын кайтарып берди.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдун айтымында, Түркия мамлекетинде 30 миңден ашык кыргызстандык бар. Ал буга чейин берген маегинде жогорудагыдай алдамчылыктын курмандыгына айлангандар чынында көп экенин моюндаган. 

Жунусов: Түркияга келген мигранттардын саны жай мезгилинде кескин өсөт

"Түркияда акча агып жаткан жок. Барсак эле байып кетебиз деп ойлоо — жаңылыштык. Түрк тилин билбесе келбей эле коюшу керек. "Эжемдин досу чакырды эле, байкемдин таанышы иш таап коюптур" деп келгендер тескерисинче карызга батып жатат. Ош базарындагы көрнөк-жарнактарга ишенбеш керек. Андан көрө Миграция кызматына барып, жардам сураса болот. Болбосо компания тууралуу кенен маалымат алып анализдеп көрсүн", — деп эскертет Жунусов.

Сизди чет өлкөгө жөнөткөн компания убадасынан тайып, келишимдеги шарттарды аткарбаса эмне кылуу керек?

— Сиз барган өлкөнүн ичиндеги Кыргызстандын элчилигине, консулдугуна кайрылыңыз.

— Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборунун сайтына электрондук арыз жөнөтүңүз.

— Тышкы иштер министрлигинин сайтына даттануу жазыңыз. Анда кырдаал тууралуу кыскача айтып, дарегиңизди үйдүн номерине чейин так көрсөтүп, байланышуу жолдорун (телефон номер, электрондук почта) калтыруу керек.

Арызыңыз түшкөндөн кийин сизди жөнөткөн жеке компания бир жолу эскертүү алат. Экинчисинде ишмердүүлүгү токтотулуп, лицензиясынан ажыратылат. Ошондой эле 70 миң сомдук айып пул салынат.

2931
Белгилер:
аял, кордук, алдамчылык, Мигрант, Анкара, Түркия
Тема боюнча
Түркияга ишке жөнөтөм деген компания убадасынан тайып, улан-кыздарды кууратты
Кувейттеги ишке алданган кыргызстандыктар Бишкекке алып келинди
Түркияда акча агып жаткан жок! Элчи Ибрагим Жунусов КР мигранттары тууралуу
Түштүк Кореянын желеги. Архив

Түштүк Кореядагы мекендештер 10 миң доллардан ашуун акчага жардам жөнөттү

110
(жаңыланган 20:56 25.07.2020)
Мекенге жардам көрсөткөндөрдүн катарында коомдук борборлор, кайрымдуулук фонддор жана студенттер бар.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Түштүк Кореяда иштеп, окуп жаткан мекендештер Кыргызстанга жардам берүү үчүн жалпы жонунан 10 миң доллардан ашуун акча чогултканын Мамлекеттик миграция кызматы кабарлады.

Жардам көрсөткөндөрдүн катарында "Аманат" кайрымдуулук фонду, Кореядагы кыргыз студенттеринин ассоциациясы, "Кырхан", "Азия жаркын келечек", "Биримдик" коомдук борборлору жана студенттердин Kyrgyz Wings тобу бар.

Боронов: жаңы салынчу ооруканаларга меджабдууларды азыртан алыш керек

"Чогулган 9 270 доллардын 5 250сү медицина кызматкерлерине коргоочу каражаттарды алуу үчүн "Биз барбыз" кыймылына берилип, калган 4 020 доллары дары-дармек алууга Москвага жөнөтүлдү. Бул препараттар коронавируска чалдыккандарга акысыз таратылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, маалыматта июлдун башында Түштүк Кореядагы кыргыз аялдарынын союзу тарабынан Кыргызстандын ооруканаларына үч кычкылтек концентратору, үч пульсоксиметр жана 20 миң сом өлчөмүндө акча берилгени белгиленген. Кыз-келиндердин көрсөткөн жардамынын жалпы суммасы 1 450 долларды түзгөнү айтылды.

110
Белгилер:
мекендештер, дары-дармек, каражат, жардам, Кыргызстан, Түштүк Корея
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Министр Айдарбеков: Кыргызстан эли эпидемия маалында мыкты сапатын көрсөттү
Жээнбеков Бишкектеги жаңы оорукананын курулушун баштап берди. Сүрөт
Төрага Жумабеков Суусамырдагы стационарга барып, акчалай жардам берди. Сүрөт
Стулда отурган бала. Архив

ИИМ: Москвада кыргызстандык кыздарды жазаламакчы болгондор кармалды

257
(жаңыланган 12:24 23.07.2020)
Буга чейин ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү Москвадагы кыргыз кыздарын жазалоого чакырган видео кайрылуу боюнча иликтей баштаган эле.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Москвада башка улуттагы жигиттер менен мамиле курган кыргызстандык кыздарды жазалоого чакырык таштаган эки адамды тапты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, социалдык тармактарда жаш балдардан турган топ Россияда иштеп жүргөн кыздар башка улуттагы жигиттер менен мамиледе болгонун билер замат аны жазалоого чакырып жаткан видео тараган эле. Кийин өкүлчүлүк бул боюнча иликтөө иштерин баштаган.

"Чакырык таштаган А.А. жана Б.Б. аттуу эки жаран кармалды. Алар күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурашты. Эми бул жарандардын кылган ишине Москва шаардык милициясы тарабынан укуктук баа берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

ИИМ: Москвада кыргызстандык кыздарды жазалагысы келгендер изделе баштады

Ошондой эле ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү мындан ары ушул сыяктуу көрүнүштөрдү болтурбоо максатында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Анын катышуучулары жаш муун арасында түшүндүрүү жана тартипке чакыруу иштери болуп жатканын билдиришти.

Ошондой эле өкүлчүлүк бир нече күн мурда Россиянын Екатеринбург шаарында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосундагы пикир келишпестикти талкуулап, мындан аркы улуттар аралык жаңжалдын чыгып кетпеши үчүн эки тараптын диаспора өкүлдөрүн жолуктурду.

Малыматка караганда, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин имаратында чогулган коңшу элдин өкүлдөрү достук маанайда пикир алышып, ынтымакты бекемдөөгө кызыкдар экенин айтышкан.

257
Белгилер:
чакырык, жыйын, диаспора, ИИМ, Москва, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Депутат бийликти алмаштырууга чакырык жасаганбы. УКМК иликтеп баштады
Дарбыз. Архив

Дарбыз сатып алууда эмнелерди эске алуу зарыл? Адистин кеңеши

0
(жаңыланган 08:49 04.08.2020)
Дарбыздын жерде жаткан тарабы ачык сары түстө болгону жакшы. Ал канчалык ачык болсо, ошончо жакшы бышканынан кабар берет.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Дарбызды чертип тандоодо андан катуу же акырын эмес, орточо дабыш чыгышы керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Адистердин айтымында, базар же дүкөндө толук бышкан даамдуу дарбыз алууда анын сөңгөгүнө анча маани бербөө керек. Анын ордуна өсүмдүктү чертип угуп же алдындагы ак тагына көңүл буруу зарыл.

"Дарбыздын сырткы көрүнүшү бүтүн, таза жана жаңы болушу керек. Черткенде катуу же акырын эмес, орточо дабыш чыкса жакшы. Ал эми сөңгөгүнүн куурап калганы, өсүмдүктүн толук жетилгенинен кабар бербейт. Себеби дарбыз алыс жерден алып келингендиктен, базарга жеткенче анын сөңгөгү кургап калышы мүмкүн", — деп жазылат маалыматта.

Диетолог коон менен дарбыздын зыяндуу жактарын санап берди

Ошондой эле дарбыздын жерге жаткан тарабы ачык сары түстө болушу абзел. Ал канчалык ачык болсо, ошончо жакшы боло тургандыгынан кабар берет.

Андан сырткары, диетологдор бир күндө 1,5 килограммдан ашык дарбыз жебөөнү сунуштайт. Эгер адам күн сайын андан көп жесе, дарбыздан чыккан суюктук организмдеги пайдалуу заттарды жууп кете тургандыгын белгилешет.

0
Белгилер:
кеңеш, дарбыз, адистер
Тема боюнча
Дайым жаш көрүнгүсү келгендер кайсы тамакты аз жеши керек. Адистин жообу
Диетолог коон менен дарбыздын зыяндуу жактарын санап берди
Бут шишидиби? Ысыкта туура тамактануунун жолу айтылды