Москвада жоголуп кеткен кыргызстандык бир сутка бою изделди

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүАэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив
Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын жараны элчиликке кайрылгандан кийин издөө иштери башталган.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Москва шаарында Кыргызстандын жараны бир суткага жоголуп кеткен. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилиги билдирди.

Ага ылайык, 4-октябрда Казакстандын жараны Шереметьево аэропортунда Кыргызстандын жараны жоголуп кеткенин айтып, элчиликке кайрылган.

Пассажиры у информационного табло в аэропорту. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Мыйзам бузган 3847 киши Россиядан чыгарылды. Арасында КР жарандары да бар
Элчиликке кайрылган жарандын белгилешинче, КР жараны ички каттам менен Симферополдон учуп келип, Астанага учуп кетиши керек болчу. Бирок ал Астанага кетчү учакка түшкөн эмес.

Эчиликтин кызматкерлери Россия ИИМинин Шереметьево аэропорту боюнча башкармалыгына кайрылып, алар кыргызстандык жаранды издеп баштаган.

Издөө-куткаруу отряддарынын кызматкерлери шаардагы аэропортторду, темир жол вокзалдарын, автовокзалдарды жана полиция бөлүмдөрүн кыдырышкан.

Натыйжада 4-октябрда ал Казань автовокзалынан табылып, кийинки күнү туугандары менен чогуу Кыргызстанга учуп кеткен.

Элчилик окуя боюнча толук маалымат бериле турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0