БИШКЕК, 18-окт. – Sputnik. 2018-жылдын ноябрь айынан тарта Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган кыргызстандыктар “кара тизмеден” чыгарылат. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, Россиянын жогорку жетекчилиги мындай чечимди Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин бир нече жолку сүйлөшүүлөрүнөн кийин чыгарган.
— Бир нече жолу административдик жоопкерчиликке тартылгандар (№114-Федералдык Мыйзамдын 26-беренесинин 4-пункту боюнча). Ошондой эле Россиянын аймагында турган учурда 30 сутка өткөнгө чейин аймактан чыгып кете албай калгандар (№114-Федералдык Мыйзамдын 26-беренесинин 8-пункту боюнча).
Мыйзамдын жогоруда белгиленген беренелерине ылайык, Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын жарандары 2018-жылдын ноябрь айынан тарта өздөрүн алдын ала Россиянын Ички иштер министрлигинин сайтынын маалыматтар базасынан текшертип алып, өлкөнүн аймагына кире алат.
Мындан сырткары, Россиянын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузган кыргызстандыктарга “амнистия” каралган. Бул иш-чара 2018-жылдын 16-октябрынан 10-декабрына чейин уланат. Ага ылайык, Россиянын аймагында мыйзамсыз негизде жашап, иштеп жүргөн КР жарандары 2018-жылдын 16-октябрынан 10-декабрына чейин эч кандай тоскоолдуксуз жана жазасыз Россиянын аймагынан чыгууга жана каалаган мезгилде кайрадан кирип, өздөрүнүн миграциялык тарыхын таза бойдон баштоого укуктуу.Ал эми төмөндөгү КР жарандары бул жеңилдиктерден пайдалана алышпайт:
— Россиянын аймагынан чыгаруу жөнүндө соттук чечим менен “кара тизмеге” киргендер (соттук чечимди аткарбай РФнын аймагынан чыкпагандар);
— Укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жарандар;
— “Россияга кирүү жана андан чыгуу тартиби жөнүндө” №114 федералдык мыйзамдын 27-беренесинин негизинде Россия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган КР жарандары.
Бул боюнча маалымат Кыргызстандын Россиядагы элчиликтери менен консулдугунда да кеңири берилмекчи.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы президенти Жозеф Байден алгачкы иш күнүндө кол койгон жарлыктарынын бири менен Кыргызстан катарына кирген бир нече өлкөнүн жарандарына коюлган визалык чектөөнү алып салды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
"Президент Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койду. Биз кыргыз өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саясий коопсуздукту кыйла жакшыртканын байкадык", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Ошондой эле өкмөт Интерпол менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана террорчулук тууралуу маалыматтар менен ачык-айкын бөлүшүп жатканы кошумчаланды.
"АКШ кыргыз элинин коопсуздугу жана эгемендүүлүгү үчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө умтулат", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 2017-жылы АКШга биометрикалык паспорт колдонбогон өлкөлөрдүн жарандары киргизилбей тургандыгы тууралуу жарлыкка мурдагы президент Дональд Трамп кол койгон. Анда Кыргызстан тез арада биометрикалык паспортторду жайылтышы керектиги айтылган.
Жо Байден 20-январь күнү ант берип, АКШнын президенттик кызматына расмий түрдө киришти.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандары ушул жылдын 15-мартына чейин документтерге байланыштуу иштерин бүтүрүп алышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Россия президенти "COVID-19 инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чараларды узартуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документтеги талаптарга ылайык, төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:
Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев базардын айланасында товарларды жайып саткандар менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сураганын билдирди.
Ал бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевге кат жиберген.
Ошондой эле Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүшкө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин социалдык тармакта рейд учурунда сатуучунун мэриянын кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.
"Билем, саботаж кылып жатышат, айтканды укпай жатышат. Мындай да, тигиндей да айттык, болбой жатышат. Эки күн мурун Камчыбек Кыдыршаевичтин атына кат жибердим. Менин күчүм жетпей жатат, мага жардам бергиле дедим. Жайма базар менен күрөшүүгө топ жибериңиз деп өтүндүм. "Ош" базарынан, "Аламүдүн" базарынан акча чогултуп жаткан чагымчылдар тууралуу билебиз. Кат келеби, жокпу билбейм, биз катуу иштейбиз. Болду эми, жакшы эле кечириштик", — деди Түлөбаев.
Шаар башчысынын милдетин аткаруучу сатуучуларды базардын ичине кирип соода кылгыла деп айтып жатканын жана ал жакта орундар бар экенине ишендирди.