Россиядан ата-энесинин камкордугунан ажыраган 4 ымыркай алып келинди

© Sputnik / Вера Костамо / Медиабанкка өтүүРодильное отделение в городе Горловка Донецкой области
Родильное отделение в городе Горловка Донецкой области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Социалдык өнүктүрүү министрлиги ымыркайлардын ата-энеси менен жашап калышы үчүн аракеттерди көрүүдө.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Россиянын Новосибирск облусунан ата-энесинин камкордугунан ажыраган төрт бала Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Балдар Кыргызстанга келери менен балдар үйүнө жайгаштырылган.

"6-7 айлык балдарды мекенине алып келүүгө Кыргызстандын Россиядагы элчилиги, Новосибирск шаарындагы вице-конусулу, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жардамы менен ишке ашкан", — деп айтылат маалыматта.

Ымыркай көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн кайсы аймагында никесиз балдар көп төрөлөт? Статистика
Учурда Социалдык өнүктүрүү министрлиги ымыркайлардын ата-энеси менен жашап калышы үчүн аракеттерди көрүүдө.

Министрликтен маалымдашкандай, чет жактагы кыргызстандыктар түрдүү себептерден улам ата-энесинин камкордугунан ажырап келет. Алардын ичинен эң негизгилери энелердин баласынан баш тартышы, туруктуу иш ордунун жана мыйзамдуу никенин жоктугу болуп саналат.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2011-жылдан бери Кыргызстанга 89 бала кайтарылган. 2018-жылы эле КРге 10 бала алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0