Кыргызстанга келген дагы бир памирлик үй-бүлө Ат-Башыга жайгашты

© Фото / Айгул Борбугул кызыПамирские кыргызы
Памирские кыргызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боордоштор Кыргызстанга 2-октябрь күнү Дубай аркылуу учуп келишкен.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга дагы бир памирлик үй-бүлө келип, алар Нарын облусунун Ат-Башы районуна отурукташты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова билдирди.

Анын айтымында, боордоштор Кыргызстанга 2-октябрь күнү Дубай аркылуу учуп келишкен.

"Бул үй-бүлөнү деле Нарынга жайгаштырдык. Жалпы алты киши келди, аялы, күйөөсү жана алардын төрт баласы. Боордошторду 10 күн ооруканага жаткырып, бир сыйра ден соолугун текшерттик. Балдарын окутуу максатында алып келдик дегенинен 14 жаштагы улуу кызын Нарын шаарындагы Үсөн Асанов атындагы жатак-лицейге киргиздик. Ал эми жубайлар Режеп, Тайип, Эрдоган деген үч эркек баласы менен Ат-Башы районунун Чар айылына мурдагы памирлик кыргыздардын үйүндө жашап жатышат. Эркек балдарынын окууга жаш курагы жете элек экен. Күйөөсү мал карап иштөөгө макул болгондуктан ошол жакка алып бардык", — деди Мамбетова.

Памирлик кандаштар Кыргызстанда калабы. Кайчы пикирлер - Sputnik Кыргызстан
Памирлик кандаштар Кыргызстанда калабы. Кайчы пикирлер
Памирликтерге жергиликтүү тургундар тамак-аш, кийим-кече жагынан жардам берип жатат. Мамбетованын айтымында, жаңы келген боордоштор Чардагы үйдө бекер жашап, мал карап оокат кылмакчы.

Эске салсак, 2017-жылдын октябрь айында Памирде жашаган 33 этникалык кыргыз тарыхый мекенине өкмөт тарабынан көчүрүлүп келип, Куланак айылына отурукташкан. Кийин 2018-жылы жазга жуук дагы бир нече адам келген.

Ал эми 6-июлда 18 киши жайкы каникулга карата Бишкектен Памирди көздөй сапар алышкан. Азырынча кеткендерден кабар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0