Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Жоопкерчиликсиз ата-энелерди эмне кылуу керек. Мыйзамга сунушталган толуктоолор

© Sputnik / Табылды КадырбековГородской перинатальный центр в Бишкеке
Городской перинатальный центр в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, өлкөдөгү ар бир тогузунчу баланын энеси же атасы чет өлкөдө.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Эгерде жаңы эрежелер күчүнө кирсе, ата-эне чет өлкөгө кетээр алдында өзүнүн балдарын башка бирөөгө ишеним кат менен таштап кетиши зарыл болот. Ташталган балдардын маселеси туурасында Бириккен Улуттар Уюмунун социалдык коргоо боюнча адиси Елена Заиченко айтып берди. Бул темада Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өткөн тегерек стол "Кыргызстанда мигранттардын балдарын кантип коргоо керек?" деп аталды.

Анын айтымында, өлкөдөгү ар бир тогузунчу баланын энеси же атасы чет өлкөдө.

"Биз ата-эне кызына же уулуна ишеним кат жазып берип, анысы жергиликтүү бийлик органында катталышы керек деп жатабыз. Ал үй-бүлөдө баланын кандай жашап жаткандыгын мамлекет билип турушу керек", — деди ал.

Тюрьма для женщин с детьми во Франции - Sputnik Кыргызстан
Эне ымыркайын 3 айдан ашуун убакытка таштай албайт. КРдеги жаңы мыйзам
Өкмөттүн балдарды коргоо боюнча программасынын ишке ашуусун мониторинг кылган координатор Екатерина Хорошман бул документ балдардын мамлекеттик кызматтан пайдаланышына жол ачат деген пикирде.

"Кеп бөбөктүн медициналык бекер тейлениши, билим алуу жана бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгү боюнча болуп жатат. Себеби документсиз баланы эч жер бекер карабайт", — деди ал.

Жогорудагы демилгени көтөргөндөр ишеним кат бекер берилерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0