Новосибирск шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу түзүлдү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПрибытие эшелона с танками Т-34 в Новосибирск
Прибытие эшелона с танками Т-34 в Новосибирск - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы консулдуктун округу Россиянын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемерово, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыйт.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россиянын Новосибирск шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу түзүлмөкчү. Мындай Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Портфельчен кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын ээсиз турган элчиликтери. Тизме
Жарлыкка ылайык, түзүлгөн Башкы консулдуктун округу Россиянын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемерово, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыйт. Муну менен катар эле өзгөрүүлөр да болду. Аталган аймактар Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун консулдук округунан чыгарылган. Екатеринбург шаарындагы аталган Башкы консулдуктун филиалы — Новосибирск шаарындагы Вице-консулдугу жабылды.

Аталган Башкы консулдук округу Кыргызстан — Россия региондору менен байланышты активдештирип өнүктүрүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү максатында түптөлгөн. Маалыматта дагы бир багыт маанилүү экендиги, ал Россиядагы кыргызстандык жарандарды тейлөө экендиги айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0