Таиландда мыйзамсыз иштеген кыргызстандык кыз өлкөдөн чыгарылмай болду

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Таиланд
Страны мира. Таиланд - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктан тышкары Россия, Молдова жана Украинанын жарандары да кармалган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Таиланд бийлиги өлкөдөн 15 чет элдикти депортациялоодо, алардын арасында Кыргызстандын бир жараны бар. Бул тууралуу жергиликтүү Phuket News басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, колго түшүрүлгөндөрдүн баары мыйзамсыз иштеп келген.

"11 россиялык жана Кыргызстан, Украина, Молдованын бирден жараны Пхукет шаарындагы дүкөндөрдүн биринде мыйзамсыз иштеп келген. 15и тең орус тилдүү кардарларга басым жасаган дүкөндө тай чөптөрүн сатуу менен алектенген", — деп жазат басылма.

Ушу тапта чет элдиктер иммиграциялык кызматта кармалып турат. Алар депортацияланып, аты-жөнү кара тизмеге киргизилмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0