Кыргызстандын Рим менен Парижде дипөкүлчүлүгү иштей баштайт

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүГорода мира. Рим
Города мира. Рим - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент аталган шаарда жашаган кыргызстандыктардын саны өсүп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков элчилер менен жолугушуп жатып, бир катар өлкөлөрдө дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу боюнча тапшырма берди.

Президенттин айтымында, чет жакта жашаган кыргызстандыктардын саны барган сайын өсүүдө.

"Мекендештердин санынын жогорулап жатканына байланыштуу бекитилген бюджеттин негизинде Париж менен Рим шаарларында Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн ачуу боюнча Тышкы иштер министрлигине тапшырма берем", — деди мамлекет жетекчиси.

Президент мекеме элчилик же консулдук болорун тактаган жок. Жолугушууда Жээнбеков консулдук мекемелердин географиясын кеңейтүү керектигин белгилеп, ушу тапта Россиянын Новосибирск шаарында КРдин Башкы консулдугу иштеп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0