ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүндө иштегендерге статус берүү маселеси көтөрүлдү

Жазылуу
Учурда КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүндө төрт гана киши иштейт.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. КР ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүндө иштегендерге дипломатиялык укук менен статус берүү керектигин Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Якутскидеги кыргызстандыктардын маселеси кантип чечилип жатат? Бийликтин жообу
Асанов тийиштүү комитеттин отурумунда Кыргызстан менен Россия өкмөтүнүн ортосунда 2017-жылдын 27-июнунда түзүлгөн Миграция чөйрөсүндөгү компетенттүү органдардын өкүлчүлүктөрүн өз ара түзүү тууралуу макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколдук долбоорду сунуштады.

Министрдин орун басары учурда өкүлчүлүктө 4 киши иштей турганын жана аларга статус берилип калса, айлык маселеси да чечилерин айтып, ал үчүн бюджеттен кошумча 3 миллион 825 миң сом керектеле турганын белгиледи. Учурда ал жакта иштеген кызматкерлерге айлык Кыргызстандын шартындагыдай төлөнүп жатканын кошумчалады.

"Аларга статус берилсе, биздин өкүлчүлүктөр ошол жерде дипломатиялык укук алып статуска ээ болуу менен өзүнүн милдетин жогору деңгээлде аткарууга мүмкүнчүлүк ачылат", — деди ал.

Талкуу учурунда депутаттар Зарылбек Рысалиев менен Бакирдин Субанбеков өкүлчүлүктө иштегендердин санын көбөйтүү керектигин сунуштады.

Асанов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына берген түшүндүрмөсүндө учурда өкүлчүлүктүн кызматкерлери бир гана консультациялык иштерди аткарып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0