Жээнбеков Путинден кыргызстандык мигранттарды колдоону өтүндү

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүЦентр содействия мигрантам в Волгограде
Центр содействия мигрантам в Волгограде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков Путинден миграциялык каттоо боюнча процедураларды жеңилдетүүнү суранды.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путиндин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын учурунда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков андан мигранттарга жеңилдик берүү жана баңгизаттардын мыйзамсыз айлантылышына каршы күрөштө көмөктөшүүнү суранды.

Мамлекет башчы эмгек мигранттарына байланышкан маселени көтөрдү.

Миграция маселеси боюнча кызматташуу чөйрөсүндө ал миграциялык каттоого алуу процедураларын жеңилдетүүнү, же өлкөдөн чыгарып салбастан, айып салуу түрүндөгү жоопко тартуу чарасы менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.

"Кызматташуунун алкагында миграция жаатындагы маселелерде мигранттарды каттоого алуунун процедураларын жеңилдетип же жоопкерчилик чараларын кайра кароону өтүнөм", — деди Жээнбеков.

Государственный визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Бардык маселеде тил табыштык. Жээнбеков Путин менен жолугушуусу тууралуу
Кыргызстандын президенти баңгизаттардын мыйзамсыз айлантылышына каршы күрөштө биргелешип аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн айтты.

Жээнбеков ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынын уюштурууга жана өткөрүүгө техникалык жардам көрсөтүү чечими үчүн ыраазычылык билдирип, Афганистан Ислам Республикасындагы кырдаалды тынчтык жол менен жөнгө салууга жаңы дем берүүгө багытталган Россиянын аракеттерин колдоду.

"Кыргызстан аймактагы коопсуздук процессине колдон келген салымын кошууга даяр. Анткени биз Афганистанда тынчтык орноп, бул өлкөнүн гүлдөп өнүгүүсүнө кызыкдарбыз. КМШ өлкөлөрүндө эл аралык террордук уюмдардын "уйкудагы ячейкалары" аракеттерин улантып жатышат. Террорчулук, экстремизм, наркотрафик жана жогоруда белгиленген коркунучтарга каршы биргелешкен күрөштү улантуу өтө маанилүү. Бул багытта биздин өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын кызматташтыгын канааттануу менен белгилейм. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттешүү чөйрөсүндө жардам көрсөтүү программасын кайра жандандыруу мүмкүнчүлүгүн кароону өтүнөм", — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Эске салсак, бүгүн, 2019-жылдын 28-мартында, Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга бир күндүк мамлекеттик сапар менен келди. Анын келишине карата Кыргызстанда эки тараптуу жолугушуулар, форумдар, иш-чаралар уюштурулду.

Алардын эң ирилери — "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы кыйырлары" аттуу Кыргыз-орус аймактар аралык VIII конференция, "Илим жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестициялар" аталышындагы I форум болду.

Путиндин сапарынын жыйынтыгы менен кызматташуу боюнча эки тараптуу 30 документке кол коюу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0