Путин миграциялык мунапыстын мөөнөтү эмнеге узартылганын айтты

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүВиды Москвы
Виды Москвы   - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда миграциялык жеңилдиктерди колдонууга бир ай убакыт берилген.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин брифингдин жүрүшүндө кыргызстандык жарандарга берилген миграциялык амнистия боюнча да кеп кылды.

Ал көптөгөн кыргызстандыктар техникалык себептерден улам кара тизмеге түшүп калганын белгилеп өттү.

"Кыргызстан тараптын суранычы менен мунапыс мөөнөтүн апрелдин соңуна чейин узарттык. Бул биздин өлкө менен болгон өзгөчө мүнөздөгү мамилени дагы бир ирет айгинелейт", — деди Путин.

Московский Кремль - Sputnik Кыргызстан
Россияда 2020-жыл Кыргызстандын жылы болот
Мындай миграциялык мунапыс Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында жарыяланган.

Россиянын аймагында миграция мыйзамдарын бузуп жүргөн КР жарандары 22-апрелге чейин Россиянын чегинен тоскоолдуксуз чыгып жана каалаган мезгилде административдик жоопкерчиликке тартылбай, ошондой эле "кара тизмеге" түшпөй, кайра Россияга кире алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0