УКМК: мөөр басып берүү үчүн алты кишиден 900 доллар алган чек арачы кармалды

© Sputnik / Андрей Александров / Медиабанкка өтүүРабота белорусской таможенной службы
Работа белорусской таможенной службы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Териштирүү маалында белгилүү болгондой, сөз болуп жаткан алты ирандык Кыргызстандын аймагына таптакыр кирген эмес.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстанды транзиттик өлкө катары пайдаланып өтүүнү көздөгөн чет элдик жарандарды мыйзамсыз каттоого алган чек арачыны кармап, кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

"Иликтөө маалында Мамлекеттик чек ара кызматынын "Манас аэропорту" өткөрүү пунктунун кызматкери ирандык алты жаранды Сырткы миграция бирдиктүү сиситемасына мыйзамсыз каттоого алып, паспортторуна "Кыргызстанга кирди" делген мөөр басып бергени белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Ситуация в КПП Актилек-автодорожный - Sputnik Кыргызстан
Казакстан чек арада КР фураларынын кармалышын түшүндүрдү
Териштирүү маалында белгилүү болгондой, сөз болуп жаткан алты ирандык Кыргызстандын аймагына таптакыр кирген эмес. Чек арачы алты киши үчүн 900 доллар пара алганы айтылды.

Ирандыктарды Кыргызстан аркылуу, бирок башка жолдор менен алып өтүү көздөлгөн.

Аталган факты боюнча КРдин Жазык кодексинин 320 ("Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу"), 329 ("Кызматтык жасалмалуулук") жана 325-беренелери ("Пара алуу") менен кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0