Эмдөө жасап жаткан дарыгер. Архив

Россияда мигранттарды кызамыкка каршы эмдөө башталды

135
(жаңыланган 09:05 02.04.2019)
Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин Россиянын бардык региондорунда иштеп жүргөн эмгек мигранттары эмдөөдөн өтүшү керек.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Россияда эмгек мигранттарын кызамыкка каршы эмдөө 1-апрелден тарта башталды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бул жаатта Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын бакубаттыгы боюнча маселеге көзөмөл кылган федералдык кызматы атайын токтом чыгарган.

Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин Россиянын бардык региондорунда иштеп жүргөн эмгек мигранттары эмдөөдөн өтүшү керек. Тиешелүү органдарга чет элдик жарандар менен иштешкен бардык жумуш берүүчүлөр жардам бериши зарыл.

Аймактык бийлик вакциналарды сатып алып, буга чейин кызамыкка каршы эмделбеген эмгек мигранттарына ийне саят.

Кызамык — вирус козгоочу жугуштуу оору. Вирустар адам жөтөлгөндө, сүйлөгөндө, чүчкүргөндө бөлүнүп, аба аркылуу башка кишиге жугат.

135
Белгилер:
эмдөө, кызамык, мигранттар, Россия
Тема боюнча
Кызамык менен ооругандардын жарымынан көбү бир жашка чейинки бөбөктөр
Ишенапысова: кызылча оорусу боюнча эпидемиялогиялык кырдаал туруктуу
Москвадагы мигранттар борборундагы чел өлкөлүк жарандар. Архивдик сүрөт

Россия мигранттар үчүн атайын тиркеме киргизиши мүмкүн. Максаты

252
Тиркемеде мигранттын социалдык-укуктук макамы, биометрикалык маалыматтары, ден соолугу жөнүндө кабар жана кылмыш кылган-кылбаганы камтылмакчы.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Адистер Россиянын Ички иштер министрлигине чет элдиктердин смартфондоруна мигранттын санариптик профили орнотула турган атайын тиркемени түзүп берүүнү сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Агенттикке маалымат берген ишенимдүү адамдын айтымында, министрлик "коронавирустук пандемиядан келип чыккан күтүүсүз жагдайларды" эске алуу менен миграция чөйрөсүндөгү кырдаалга болжолдуу анализ даярдады. Мекеменин эксперттери "оптимисттик" жана "пессимисттик" өнүгүү варианттары менен кыска мөөнөттүү (ушул жылдын аягына чейин) жана орто мөөнөттүү (алдыңкы эки-үч жыл) мезгил деп бөлүүнү сунушташкан. Адистер миграциялык кырдаалдын курчушу мүмкүндүгүнө байланыштуу аны чечүүнүн бир нече жолун айтышкан.

"Азыр мигранттын "социалдык ишеним рейтингин" чагылдырган санарип профилин иштеп чыгуу жана аны түзүү планы бар. Анда мигранттын социалдык-укуктук макамы, биометрикалык маалыматтары, ден соолугу жөнүндө жана кылмыш кылган-кылбаганы камтылат", — деп билдирди маектеш.

Ал кошумчалагандай, мигранттар мобилдик аппаратына орното турган атайын тиркемени иштеп чыгууну сунушташкан. Тиркеме "Мигрант" деп аталары болжолдонуп жатат. Ага чет элдик жумушчунун санарип профили коюлат.

"Россиянын чек арасы ачылгандан кийин бардык мигранттар үчүн тиркемени орнотууну талап кылган эрежени киргизүү сунушталууда. Андан баш тартуу мигранттын социалдык ишеним рейтингин төмөндөтөт", — деди маалымат берген адам.

Ошондой эле эксперттер кылмышка барбаган, бирок мыйзамсыз же жарым-жартылай мыйзамсыз жүргөн мигранттарга расмий укуктук мунапыс жарыялоону сунуш кылышкан. Бул массалык түрдө мамлекеттик каттоону жүргүзүү үчүн керектиги белгиленет.

252
Белгилер:
тиркеме, Чет элдик, Мигрант, Россия
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Россия мигранттарга патент мөөнөтүн автоматтык түрдө узартып берет
Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат
Москвадагы көчөнүн биринде бараткан адамдар. Архивдик сүрөт

Россия мигранттарга патент мөөнөтүн автоматтык түрдө узартып берет

220
(жаңыланган 14:40 25.05.2020)
Буга чейин дагы Россия президенти коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Россияда чет элдиктердин жүрүүсү жана эмгектенүүсү боюнча шарттарды жеңилдеткен документтерге кол койгон.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россияда иштеген чет элдик жарандардын 15-марттан кийин жараксыз болуп калчу патенттеринин мөөнөтү 93 күнгө узартылат. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин сайтында жазылган.

"Патенттин мөөнөтү 15-марттан 15-июнга чейин бүтүп кала турган болсо, ал автоматтык түрдө 93 күнгө узартылат. Кошумча акы төлөөнүн дагы зарылдыгы жок. Бул аралыкта жумуш берүүчүлөр чет элдик кызматкерлеринен патентке төлөнчү акчаны аванс катары талап кылбашы керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле патент алууга жетишпей калган чет элдиктер бул аралыкта ансыз деле эмгектенүүгө укугу бар экени айтылат.

Эске салсак, буга чейин дагы Россия президенти Владимир Путин коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Россияда чет элдиктердин жүрүүсү жана эмгектенүүсү боюнча шарттарды жеңилдеткен документтерге кол койгон. Аларда чет элдиктердин Россиядагы каттоосу же жумушу боюнча уруксат кагаздарынын мөөнөтү аягына чыгып бара жаткандагы, визалардын мөөнөтү бүткөндөгү жеңилдиктер боюнча каралган.

220
Белгилер:
патент, Мигрант, Россия
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Туңгуюкка түшкөндөймүн... Коронавирус РФтеги мекендештердин турмушун кандай өзгөрттү
Россия мекенине кете албай калган мигранттардын шартын жеңилдеткени жатат
Ошко 30-майда Урал авиакаттамдары авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди.

Ошко Екатеринбургдан 233 кыргызстандык кайтып келди

0
(жаңыланган 21:15 30.05.2020)
Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ошко 30-майда "Урал авиакаттамдары" авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматта авиакаттам дүйнөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын убактылуу жабылышынан улам чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды.

"Бул каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдети барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле "Урал авиакаттамдары" компаниясынан мурда билет сатып алгандар кирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

0
Белгилер:
эпидемия, коронавирус, мекендештер, каттам, Кыргызстан, Ош, Екатеринбург
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекке Филиппин жана Түштүк Кореядан 58 жаран кайтып келди