Миңдей кыргызстандык үчүн Японияда иштөөгө жол ачылды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТокио шаары. Япония. Архив
Токио шаары. Япония. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вакансиялар Фукая шаарынан изделүүдө.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Японияда Кыргызстандын 1000дей жаранына иш орун түзүү каралып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан кабарлашты.

27-май күнү аталган мекеменин жетекчиси Болотбек Ибраимжановдун Фукая шаарынын мэри Кожим Сусуму менен жолугушуусу өткөн. Анда кыргызстандыктардын аталган шаарда ишке орношуу маселеси талкууланган.

Ярмарка вакансий в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жумуш издеп жатасызбы? Бишкекте 50дөй компания ишке чакырат
Мындан тышкары, Эл аралык тил академиясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп, натыйжада кыргызстандыктарды окутуу боюнча келишимге кол коюлду. Билим алгандар шаардын мекемелеринде ишке орношо алат.

2019-жылы академия Кыргызстандын 40 жаранын кабыл алууга даяр.

Муну менен бирге Ибраимжанов шаардагы Wellness terrace деп аталган карылар үйүнө барып, ал жакта иштеген кыргызстандыктар менен жолукту.

Жаңылыктар түрмөгү
0