Мигранттар мекенге кам көрүп. Нарын жетекчилиги Москвада ишкерлер менен жолукту

© Фото / предоставлено Азаматом АдылгазиевымӨкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлү Аманбай Кайыпов жана район акимдери Москва шаарына Нарын коомунун чакыруусу менен барып, Теңир-Тоо аймагын өнүктүрүүнү талкуулап жүрөт
Өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлү Аманбай Кайыпов жана район акимдери Москва шаарына Нарын коомунун чакыруусу менен барып, Теңир-Тоо аймагын өнүктүрүүнү талкуулап жүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвада Нарын облусунун жетекчилигине мигранттар кабылган реалдуу кыйынчылыктар туурасында айтып беришкен.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлү Аманбай Кайыпов жана район акимдери Москва шаарына Нарын коомунун чакыруусу менен барып, Теңир-Тоо аймагын өнүктүрүүнү талкуулап жүрөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Москвадагы ишкер Азамат Адылгазиев айтып берди.

Аталган делегация эки күндүн ичинде Нарын эле эмес, башка ишкерлер, Кыргызстандын башка облусунун коомдорунун өкүлдөрү менен да жолуккан. Алар Нарынга туристтерди кызыктыруу, экономикалык жактан өнүктүрүүгө салым кошуу, жумуш орундарды түзүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү айтышкан. Инвестиция тартуу жаатында да сөз болгон.

© Фото / предоставлено Азаматом АдылгазиевымПолномочный представитель Правительства КР в Нарынской области Аманбай Кайыпов встретился с кыргызскими бизнесменами в Москве
Өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлү Аманбай Кайыпов жана район акимдери Москва шаарына Нарын коомунун чакыруусу менен барып, Теңир-Тоо аймагын өнүктүрүүнү талкуулап жүрөт - Sputnik Кыргызстан
1/4
Өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлү Аманбай Кайыпов жана район акимдери Москва шаарына Нарын коомунун чакыруусу менен барып, Теңир-Тоо аймагын өнүктүрүүнү талкуулап жүрөт
© Фото / предоставлено Азаматом АдылгазиевымПолномочный представитель Правительства КР в Нарынской области Аманбай Кайыпов встретился с кыргызскими бизнесменами в Москве
Аталган делегация эки күндүн ичинде Нарын эле эмес, башка ишкерлер, Кыргызстандын башка облусунун коомдорунун өкүлдөрү менен да жолуккан - Sputnik Кыргызстан
2/4
Аталган делегация эки күндүн ичинде Нарын эле эмес, башка ишкерлер, Кыргызстандын башка облусунун коомдорунун өкүлдөрү менен да жолуккан
© Фото / предоставлено Азаматом АдылгазиевымПолномочный представитель Правительства КР в Нарынской области Аманбай Кайыпов встретился с кыргызскими бизнесменами в Москве
Алар Нарынга туристтерди кызыктыруу, экономикалык жактан өнүктүрүүгө салым кошуу, жумуш орундарды түзүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү айтышкан - Sputnik Кыргызстан
3/4
Алар Нарынга туристтерди кызыктыруу, экономикалык жактан өнүктүрүүгө салым кошуу, жумуш орундарды түзүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү айтышкан
© Фото / предоставлено Азаматом АдылгазиевымПолномочный представитель Правительства КР в Нарынской области Аманбай Кайыпов встретился с кыргызскими бизнесменами в Москве
Инвестиция тартуу жаатында да сөз болгон. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Инвестиция тартуу жаатында да сөз болгон.
1/4
Өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлү Аманбай Кайыпов жана район акимдери Москва шаарына Нарын коомунун чакыруусу менен барып, Теңир-Тоо аймагын өнүктүрүүнү талкуулап жүрөт
2/4
Аталган делегация эки күндүн ичинде Нарын эле эмес, башка ишкерлер, Кыргызстандын башка облусунун коомдорунун өкүлдөрү менен да жолуккан
3/4
Алар Нарынга туристтерди кызыктыруу, экономикалык жактан өнүктүрүүгө салым кошуу, жумуш орундарды түзүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү айтышкан
4/4
Инвестиция тартуу жаатында да сөз болгон.

Азамат бул жолугушуунун максаты туурасында төмөнкүчө айтып берди.

"Жаштарды бул жакка келтирбегенге аракет кылып, алардын Кыргызстанда, Нарында иштөөсүнө шарт түзүүгө аракет кылалы деген максат бар. Россияга иштейм деп келсе, бир кесиптин ээси болуп анан келсин деп жатабыз. Кичи мекенде эмне кылып, кантип, кандай иш орундарын түзсө болот деген маселе көңүл борборунда турат. Андан сырткары, акча чогултуп кайсы тармакка инвестиция салууга мүмкүн деген суроолорду талкууламакчыбыз", — деди ал.

Жолугушуу учурунда конкреттүү сунуштар да айтылган.

"Соң-Көлгө, Кочкордогу "Тузга" чет элдик туристтерди тартууну, Кыргызстандын башка аймагындагы жергиликтүү элди да тартууну, кыш заводун курууну талкууладык", — деди ал.

Жеке ишкер бул күндөрү Москвадагы Нарын жаштары менен чогулуп, жогорудагы багытта иштөөгө кирише тургандыктарын кошумчалады.

Озеро Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Россиядагы мигранттар Ысык-Көлдүн айылдарын өнүктүрүү үчүн фонд түзүшөт
"Бийлик өкүлдөрүнүн бул жакка жогорудагыдай максат менен келиши, элдин абалын сурашы, албетте, жакшы жөрөлгө. Бул жерден да аларга мигранттар кабылган реалдуу кыйынчылыктарды көрсөтүү болчу. Алар өкмөткө, бийликке жетет деген ойдобуз. Ал эми мындай темп менен иштешсек, аракет кылсак Россияда кыргызстандык мигранттардын азайышына жакшы жол салабыз деген ой бар", — деди Адылгазиев.

Эске салсак, буга чейин Москва шаарында "Күнөстүү Кыргызстан — Ысык-Көл - 2019" деп аталган бизнес-форум өткөн. Аны Россияда иштеп бутуна туруп калган ишкерлер — кыргызстандыктар демилгелеген. Москвадагы "Президент–отелде" КРдин РФтеги элчилигинин өкүлдөрү, кызматташууга кызыккан аткаминерлер жана эки тараптын иш адамдары катышкан. Ал эми Кыргызстандан Ысык-Көл жана Ош облустарынын башчылары келген. Алар мигранттар маселесинен сырткары туристтерди аймакка тартуу жана өнүктүрүү, өндүргөн продукцияны сатуу сыяктуу суроолорду көтөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0