Чет жактагы мекендештер үчүн "Мекеним" программасы ишке кирмей болду

© Sputnik / Максим БлиновДень ак калпака в Москве
День ак калпака в Москве  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Мекеним" программасынын алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, өнөр жай зоналары, инвестициялык лоттор жана башка ыкмалар менен мекендештердин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү каралууда.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Өкмөт "Мекеним" программасын даярдап жатат. Ал аркылуу эмгек мигранттардын же мекендештердин өлкөгө инвестиция салуусуна шарт түзүлөт. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин биринчи жыйналышында айтканын президенттин маалымат кызматы билдирди.

"Мекеним" программасынын алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, өнөр жай зоналары, инвестициялык лоттор жана башка ыкмалар менен мекендештердин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү каралууда.

"Бул программа экономикалык инвестицияларга гана багытталган эмес. Биз мекендештерге социалдык долбоорлорго жана интеллектуалдык потенциалды колдоого да акча салууну сунуштайбыз. Аларды мамлекет колдогонго жана кошо каржылаганга даяр", — деди Жээнбеков.

Мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияга кеткен тууган-туушкандар дайынсыз болуп жатса... Кайрылчу даректер
Мамлекет башчысы аталган максаттарды, милдеттерди өз убагында жана толук ишке ашыруу үчүн институционалдык өзгөрүүлөргө баруу керек деген пикирде.

"Сыртта жүргөн мекендештер менен өз ара мамилелерди мамлекеттик колдоо, координациялоо жана өнүктүрүү талаптарына жооп берген мамлекеттик органды аныктоо зарыл. Ал бир жагынан мекендештерди Кыргызстанды өнүктүрүү процессине тартса, экинчи жагынан маданий, маалыматтык жана билим берүү багытында көмөктөшчү иштерди аткарат. Ушул багыттар өлкөнү өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ", — деди президент.

Жээнбеков өз сөзүндө көтөрүлгөн бул маселелердин ар бирин талкуулап, биргеликте чечим кабыл алуу керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0