Кыргызстанда иштеген мигранттардын арасында Германия, Канададан келгендер бар

Жазылуу
Өлкөгө өткөн жылы 17 мамлекеттен мигрант келген. Алардын көбү Россия, Өзбекстан, Тажикстандан, арасында Молдова, Израиль жана Канададан келгендер да бар.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Былтыркы жылы Кыргызстанга 1687 мигрант келген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин 2018-жылкы тышкы миграция боюнча маалыматында айтылат.

Өлкөгө жалпы 17 мамлекеттен мигрант келген. Алардын көбү Россия, Өзбекстан, Тажикстандан, арасында Молдова, Израиль жана Канададан келгендер да бар.

Сырттан келген мигранттардын жарандыгы так көрсөтүлгөн эмес.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, былтыр өлкөдөн сыртка 7077 адам чыккан. Башкача айтканда, чет жакка кеткендер келгендерден кыйла көптүк кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0