Россиянын миграция кызматынын текшерүүсү. Архивдик сүрөт

Москвада "Нелегал" рейди жүрүп, мигранттар текшерилип жатат

356
(жаңыланган 12:56 04.10.2019)
Дипөкүлчүлүктөн билдиришкендей, аймакта мыйзамсыз жүргөндөргө административдик чара көрүлүп, керек болсо өлкөдөн чыгарылат.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москвада кыргызстандыктар катуу текшерүүгө алынып жатканы боюнча ЖМКларга тараган маалыматка түшүндүрмө берди.

Элчиликтен билдиришкендей, Москванын укук коргоо органдары "Нелегал" рейдин жүргүзүүдө. Анын алкагында кыргызстандык таксисттер гана эмес, башка өлкөдөн келген мигранттар дагы текшерилип жатат. Рейддин максаты — Москвада мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоо.

Элчилик ар бир Кыргызстандын жаранын миграциялык полициянын аймактык органдарына каттоодон өтүү үчүн документтерди тапшырууга чакырат. Ошондой эле ортого ортомчуларды салбоо сунушталды.

Дипөкүлчүлүктөн билдиришкендей, аймакта мыйзамсыз жүргөндөргө административдик чара көрүлүп, керек болсо өлкөдөн чыгарылмакчы.

356
Белгилер:
Мигрант, Элчилик, Москва, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыздарым көзүмөн учат, бирок бара албайм. Мигрант келиндин каты