Россияда кыргызстандыктар катышкан мушташтын себеби айтылды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМосквадагы тазалык кызматкерлери. Архив
Москвадагы тазалык кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвада жекшемби күнү топтошкон кишилер мушташып жатканы боюнча полицияга билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген полиция 18 жаштан 49 жашка чейинки 17 кишини кармаган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Москвада көчө шыпыргандар футболдон улам мушташканын РИА Новости агенттиги жазды.

Ага ылайык, мушташтан кийин 17 киши кармалган.

Сдача ЕГЭ по географии и литературе - Sputnik Кыргызстан
Аксыда окуучу кыздардын мушташы: жазаны мугалимдер эмес, ата-эне алышы керек
Жекшемби күнү милицияга Ефремов көчөсүндө мушташ болуп жатканы тууралуу кабарланган. Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү кишинин айтымында, мушташкан жарандар "Жилищник" компаниясында иштеген кыргызстандыктар менен өзбекстандыктар болгон.

Окуя болгон жерге келген полиция 18 жаштан 49 жашка чейинки 17 кишини кармаган.

Медициналык жардам сурап бир да жаран кайрылган эмес. Кармалгандарга карата майда бейбаштык боюнча административдик протокол түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0