Путин Борбор Азиядан келген мигранттар кандай сапатка ээ болушу керектигин айтты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин Москва шаарында өтүп жаткан президенттин маалымат жыйынын учурунда
Россия президенти Владимир Путин Москва шаарында өтүп жаткан президенттин маалымат жыйынын учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Путиндин баамында жергиликтүү жарандарга дагы, мигранттарга дагы ыңгайлуу болушу үчүн сырттан келгендер орус тилин, маданиятын билиши керек.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Борбор Азиядан келген мигранттарды жергиликтүү тургун канткенде өгөйлөбөй жакшы кабыл аларын айтып берди. Бул тууралуу Москва шаарында өтүп жаткан президенттин маалымат жыйынында сөз болду.

Анын баамында, жергиликтүү жарандарга дагы, мигранттарга дагы ыңгайлуу болушу үчүн сырттан келгендер орус тилин, маданиятын билиши керек.

"Андыктан биз Борбор Азия өлкөлөрүнө билим берүү системабызды киргизишибиз керек. Орус тилин үйрөткөн курстарды, чоң-чоң окуу жайларыбыздын филиалын ачышыбыз керек. Ошондо мигранттар Россиянын турмушу тууралуу кабардар болуп, бул жакка көнүп кетүүсүнө оңой болот. Жергиликтүү тургундар дагы жылуу кабыл алышат", — деди Путин.

Ошол эле учурда президент россиялыктар үчүн бир гана борбор азиялыктарды эмес, Дагестан, Чеченстан сыяктуу ички мигранттарды дагы кабыл алуу татаал болгон учурлар бар экенине токтолду.

Банк России - Sputnik Кыргызстан
Россиядан Кыргызстанга документсиз 150 миң рублга чейин которууга жол ачылды
"Айрым учурда ички мигранттар дагы өздөрүн өтө туура эмес алып жүрүп, үйүндө кылбай турган нерселерди кылышат. Бирок биз алардын келишине тыюу сала албайбыз. Азыр экономиканын талабы ушундай. Эмгек рыногу ушул нерсени талап кылууда. Негизгиси ар бирибиз акыл менен иш кылышыбыз керек", — деди Путин.

Мамлекеттик миграция комитетинин билдирүүсүнө караганда, азыркы тапта чет жактарда иштеп, окуп жүргөн кыргызстандыктардын саны миллиондон ашуун. Алардын басымдуу бөлүгү Россияда.

Жаңылыктар түрмөгү
0