Болгария Кыргызстан менен эмгек миграциясы тууралуу макулдашууну колдоду

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүПловдив шаары, Болгария. Архив
Пловдив шаары, Болгария. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чечим 18-декабрь күнү Болгария өкмөтүнүн жыйынында кабыл алынган. Өлкө тарабынан макулдашуунун аткарылышына Иш менен камсыз кылуу агенттиги көз салат.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Болгария өкмөтү Кыргызстан, Азербайджан жана Өзбекстан менен эмгек миграциясын жөнгө салуу боюнча эки тараптуу макулдашуулардын долбоорун жактырды.

Президент РФ В. Путин принимает участие в заседании Высшего Евразийского экономического совета - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ макулдашуусу: мигранттар иштеген өлкөдөн пенсия ала баштайт
Министрлер кеңешинин маалымат кызматынын тараткан билдирүүсүнө караганда, чечим 18-декабрь күнү Болгария өкмөтүнүн жыйынында кабыл алынган.

Документке ылайык, аталган үч өлкөдөн барган мигранттар болгариялыктардай эле укукка, милдетке ээ болуп, корголот. Кабыл алган тараптан макулдашуунун аткарылышына Иш менен камсыз кылуу агенттиги көз салат.

Болгария буга чейин ушундай эле макулдашууну Армения, Молдова жана Грузия менен түзгөнү айтылат. Эми Украина жана Белоруссия менен сүйлөшүүлөр жүрмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0