Эл каттоодо алгачкы ирет мигранттар тууралуу маалымат чогултулат

Жазылуу
Эл каттоо учурунда Кыргызстандан бир жылдан ашык убакытка иштөө максатында чыгып кеткен жарандар мигрант катары эсепке алынат.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. 2020-жылы боло турган эл жана турак жай фондун каттоодо алгачкы ирет мигранттар тууралуу маалымат чогултулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Улуттук статистика комитетинин Эл жана турак жай фондун каттоону уюштуруу тобунун жетекчиси Анара Кудакеева билдирди.

"Бул жолку эл каттоодо иштөө максатында чет өлкөгө чыгып кеткен мигранттар боюнча маалымат чогултулат. Документке мигрант катары киргизиш үчүн ал адам өз мекенинен бир жылдан ашык убакытка кеткен болушу керек. Бир нече гана айга сыртка чыккан адам туруктуу жаран катары эсептелет", — деди Кудакеев.

Эркиндик жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилиши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дээрлик бардык көчөлөргө аталыш берилип бүттү
Анын айтымында, мындай жол менен Улуттук статистика комитети мигранттардын реалдуу санын, алар кайсы өлкөдө, эмне иштер менен алек болорун билгиси келет.

Мындан тышкары, эл каттоо учурунда майып адамдар тууралуу маалымат топтолот.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 27-мартынан тарта Кыргызстанда калкты жана турак жайды каттоо жүрөт. Иш-чараны өткөрүү үчүн 25 миң киши атайын окуудан өтүп, кыргызстандыктар 19 суроого жооп беришет. Бул жолку эл каттоонун өзгөчөлүгү — алгачкы жолу электрондук форматта өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0