Россияда мигранттар үчүн Call-борбор ачылды. Адистер кыргызча сүйлөйт

Жазылуу
Россиядагы мигранттардын федерациясы адистер телефон аркылуу кандай жардам көрсөтө аларын айтып беришти.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Россияда мигранттарга жардам көрсөтүү үчүн Call-борбор ишке кирди. Бул тууралуу Мигранттардын федерациясынан кабарлашты.

Уюмдун маалыматына караганда, байланыш линиясындагы кызматкерлер Россиянын миграциялык жана эмгек маселелери боюнча мыйзамдары менен таанышууга жардам көрсөтөт.

Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда жумушчу мигранттарды пландык текшерүүдөн бошотуу сунушталууда
Борбордун адистери аларга кайрылган ар бир адамды угуп юридикалык консультация беришет.

Иш кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилинде жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, адистерге медициналык жардам, ижарага үй алуу, иш учурунда жаракат алып калганда, документтерди жоготкондо кайда кайрылса болорун жана башка бир катар маселелер боюнча кайрылууга болот.

+7 (495) 778-3288, +7 (963) 997-4210, +7 (926) 130-7500 номериндеги байланыш линиялары иш күндөрү саат 8.00дөн 23.00гө чейин, дем алыш күндөрү 9.00дөн 21.00гө чейин иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0