Нью-Йорктогу Эркиндик статуясы. Архивдик сүрөт

Кыргызстандыктардын АКШга кирүүсүн чектөө каралып жатат

615
(жаңыланган 11:29 22.01.2020)
Кыргызстандан башка тизмеге Белоруссия, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзания кириши мүмкүн экени айтылып жатат.

БИШКЕК, 22-янв — Sputnik. АКШнын бийлиги Кыргызстандын жарандары үчүн Америкага кирүүгө чектөө коюу жагын карап жаткандыгын Wall Street Journal гезитине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, "стоп-лист" тизмесине Кыргызстандан башка Белоруссия, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзания өңдүү беш өлкө да киргизилери айтылууда. Ошентсе да тизме азырынча так эмес.

АКШ президенти Дональд Трамп басылмага берген маегинде АКШга кирүүгө чек коюлган мамлекеттердин тизмеси кеңейерин билдирген. Бирок кайсы мамлекеттерге чек коюларын айткан эмес.

615
Белгилер:
чек, Кыргызстан, Дональд Трамп, АКШ
Тема боюнча
Иран депутаты Трамптын башы үчүн 3 млн. доллар сунуштады
Жаңы сокку: Жакынкы Чыгыштан АКШны сүрүп чыгарууга ким кызыкдар?
Россия президенти Владимир Путин. Архив

Путин мигранттар боюнча жарлык чыгарды. РФ элчилиги кыргызстандыктарга кайрылды

16484
(жаңыланган 00:23 22.06.2021)
Россияда жүрүү мыйзамын бузган мигранттар 30-сентябрга чейин каттоого туруп, патент алуу үчүн миграция бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Россия элчилиги Владимир Путиндин коронавирустун тарап кеткен кесепеттерин жоюу маалында чет элдик жарандардын же жарандыгы жок жүргөн адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу үчүн убактылуу чараларды караган жарлыгы боюнча кыргызстандыктарга кайрылды.

15-июнда президенттин мигранттардын Россияга келүүсү боюнча чыгарган жарлыгынын мөөнөтү бүтөт. Кеп мигранттардын эпидемиологиялык кырдаалдан улам РФте жүрүү боюнча документтерин узартууга болбой турган буйрук тууралуу болуп жатат. Аталган жарлык 2020-жылдын апрель айында күчүнө кирип, 2021-жылдын 15-июнуна чейин иштеген.

Жарлык күчүндө турган учурда Россиядан чет элдиктерди миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн депортация кылынбайт. Бул учурда мигранттарга өлкөдө убактылуу жүргөнү үчүн документтерди (анын ичинде визаны) узартып зарылдыгы жок. Келген жерге каттоого туруу жана туруктуу жашап жатканы боюнча да кагаздарды узартуу ашыкча.

Россияда орнотулган тартипти бузган мигранттар 30-сентябрга чейин каттоого туруп, патент алуу үчүн миграция бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.

Ал эми мурда башка бир максат менен келген чет элдиктер арызына жаңы максатты көрсөтүп, анысы менен Россияга чындыгында эмнеге келген себебин билдире алышат деп белгилеген элчилик.

Миграциялык каттоого туруу үчүн берген арызында иш берүүчү менен түзүлгөн расмий эмгек же укуктук-жарандык келишим болушу керек.

Эгерде мигранттын бул документи жок болсо, ага айып пул салынат. Эгерде эки ирет айыпка жыгылып, ал өлкөдөн чыгарыла турган болсо, анда өзү эле эртерээк, 30-сентябрда, Россиядан кетип калганы оң.

Уруксаты бар деген статуска ээ чет элдик жарандар жана туруктуу жашоого уруксат кагаз алгандар 2020-жылдын 15-мартына чейин чыгып кеткендер 2021-жылдын 30-сентябрына чейин келип, аны узартып алуусу керек.

Элчилик кыргызстандыктарды Россияда мыйзамдуу жүрүүгө жол ачкан бардык процедураларды 30-сентябрга чейин бүтүрүп алууну суранган.

16484
Белгилер:
мыйзам, айып пул, жарлык, Мигрант, Владимир Путин, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Путин Россияда мигранттардын убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартып берди
Эмдөө жасап жаткан дарыгер. Архив

Собянин: Москвада мигранттарды эмдөө июлда башталышы мүмкүн

164
(жаңыланган 14:23 18.06.2021)
Собяниндин айтымына караганда, мигранттарды COVID-19га каршы эмдөө үчүн "Спутник Лайт" препараты колдонулат. Россияда алты миллиондон ашык мигрант жашайт.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Москвада июль айынын башында мигранттарды коронавируска каршы эмдөө башталышы мүмкүн. Бул тууралуу калаа мэри Сергей Собянин өзүнүн блогуна жазды.

Анын айтымына караганда, вакцинацияга "Спутник Лайт" препараты колдонулушу ыктымал.

"Өткөн жылы биринчи кезекте Россиянын жарандарын эмдөөдөн өткөрүү боюнча чечим кабыл алынган. Чектөөлөр ушуга гана байланыштуу. Учурда "Спутник Лайт" даярдала баштады. Негизи бул "Спутниктин" биринчи классикалык компоненти. Аталган препарат менен мигранттарды эмдөөгө уруксат алууну көздөп жатабыз. Биздин эсеп боюнча эмдөө июлда башталат", — деди Собянин.

Россиянын ИИМинин 2020-жылдагы декабрь айына карата алынган маалыматы боюнча, өлкөдө алты миллиондон ашык мигрант жашайт.

164
Белгилер:
Сергей Собянин, эмдөө, вакцина, коронавирус, Мигрант, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Ошто той жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат
Бишкектеги эл аралык Манас аэропортундагы ПЦР лабораториясы. Архив

"Манас" аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады

0
(жаңыланган 20:08 23.06.2021)
Лаборатория июндан тарта иштей баштаган. Тест тапшыра турган жарандар аэропортко 5-6 саатка эртерээк келиши керектиги айтылды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортундагы коронавирусту аныктоочу ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

Лаборатория ачылгандан бери (1-июнь) ПЦР-тест эртең мененки саат 8:00дөн кечки 18:00гө чейин жасалып келген. Ошондой эле "COVID жок саякаттайм" программасына катышкан.

Тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан табууга болот. Же болбосо "Манас" аэропортунун 1-кабатынан үч тилде кагазга чыгартып алса дагы жарайт.

"Манас" аэропортуна түштүк кореялык корпорация ПЦР-лаборатория ача турганы 21-майда белгилүү болгон. Өкмөт башчы Улукбек Марипов менен жолуккан фирманын жетекчиси COVID-19га бир күндө 14 миң адам тест тапшыра аларын билдирген.

0
Белгилер:
ПЦР-тест, корпорация, Түштүк Корея, "Манас" эл аралык аэропорту
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Вакцинадан баш тартуу COVID-19дун организмде мутацияланышын шарттайт
COVID: Марипов министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрмөй болду