Москвада бир жума изделген кыргызстандык жумушунан табылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архив
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Январь айында Москвадагы Кыргызстандын жарандарынын мессенджерлердеги тайпаларына 28 жаштагы У.Д. изделип жатканы боюнча маалымат тараган.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Москвада бир жумадан бери изделип жаткан кыргызстандык табылды. Ал уюлдук байланыш жок жерде иштеп жүргөнүн Ички иштер министрлигинен билдиришти.

2020-жылдын январь айында Москвадагы Кыргызстандын жарандарынын мессенджерлердеги тайпаларына 28 жаштагы У.Д. изделип жатканы боюнча маалымат тараган. Билдирүүдө ал 16-январь күнү Москва облусундагы Подольск шаарына жумуш издеп кеткени айтылган.

"Ал бир жума бою ошол жакта иштеп жүрүптүр. Болгону ал жакта мобилдик байланыш жок экен. Аны жакындары издеп жаткандыгы тууралуу кайтып келе жатканда билген. 24-январь күнү анын туугандарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, табылган киши түшүнүк кат жазып берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам укук коргоо органдары, мекенден тышкары иштеп жүргөндөргө, өздөрү тууралуу жакындарына кабар берип турууну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0