Чехия менен Кыргызстанда иштегендерди бир нече салыктан бошотуу сунушталды

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүПрага шаары. Архив
Прага шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сунушталып жаткан мыйзамда чыгармачыл адамдарга, илимпоздор, ишкер жана студенттерге жеңилдиктер каралган.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Экономика министрлиги Кыргызстан менен Чехиянын жарандарын кош салыктан бошотуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап парламентке алып келди.

Жыйында экономика министринин орун басары Дастан Кадыров баяндама жасап, долбоор боюнча эки мамлекеттин өкмөтү келишим түзгөнүн билдирди.

"Эки өлкөнүн ишкерлери, мисалы, Кыргызстанда иштеп пайда салыгын төлөсө, Чехияга төлөбөйт. Башкача айтканда, кош салыктан кутулат. Андан башка беш пайыздык дивиденд да каралган. Ошондой эле эгерде биздин студенттер Чехияда окуп, Кыргызстандан стипендия алса, ал жакка салык төлөбөйт. Автордук укук боюнча гонорарынан да алынчу салык — роялти көрсөтүлгөн, анда чыгармачы адамдар, илимпоздор гонорар алгандан кийин эки тарапка тең киреше салыгын төлөбөйт", — деди Кадыров.

Ошондой эле ал Кыргызстанда 27 чехиялык компания катталып, учурда анын тогузу активдүү иштеп жатканын кошумчалады.

Ал эми депутат Улугбек Ормонов Чехиянын ишкерлери жумушчу күчкө муктаж экенин айтып, Миграция кызматы менен келишим түзүп кеткенин белгиледи. Бирок виза маселесинен улам ишке ашпай жатканына нааразы болду. Эл өкүлүнүн айтымында, бир айда Чехияга 25 кыргызстандыкка гана виза берилип жатат.

Баяндамасынын соңунда Кадыров ушундай эле келишимдер жалпысынан 31 мамлекет менен түзүлгөнүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0