Сириядагы качкындар лагери. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда Афганистан, Сирия жана башка өлкөлөрдөн келген 206 качкын жашайт

296
(жаңыланган 17:35 06.02.2020)
Сегиз мамлекеттен келген жарандар Кыргызстандан качкын макамын алган. Алардын кээ бири этникалык кыргыздар экени айтылды.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Чет өлкөдөн келген 206 качкын Кыргызстандан баш паанек алды. Бул туурасында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов билдирди.

Анын айтымында, баш паанек алгандардын басымдуу бөлүгү Афганистандын жарандары.

"2020-жылдын 1-январына карата өлкөгө Афганистандан 90 киши, Сириядан 79, Украинадан 23, Ирактан 6, Тажикстандан 4, Ирандан 2, Мороккодон 1, Эфиопиядан 1 адам келген. Баары Кыргызстандын чек арасына келгенден кийин баш паанек сураган. Аларды алгач УКМКнын кызматкерлери барып текшерип, андан соң бизге кабарлайт. Биз 72 сааттын ичинде качкын макамын берүү маселесин карайбыз. Бул макамды алгандардын саны 1000ге чейин жеткен, бирок көбү кайра Европага кетип калышкан", — деди Ибраимжанов.

Ошондой эле ал Тажикстандан этникалык кыргыздар жана согуш болуп жаткан өлкөлөрдөн качкындар келгенин билдирди.

Ал эми тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгынын статистикасы боюнча 2942 кыргызстандык чет мамлекеттен баш паанек сураганын билдирди. Бул сандар Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан 2018-жылга чейинки убакытка карата алынган.

Миграция кызматынын башчысы 12400 чет элдик жаранга Кыргызстанда иштөөгө квота берилсе, анын 8900үн кытайлык жарандар алганын айтты.

Бирок бүгүнкү күндө кытайлыктардын 1953ү гана жүрөт, калганы жаңы жыл майрамына карата мекенине кетип, чек ара жабылгандан кийин келише электиги кошумчаланды.

296
Белгилер:
миграция, статистика, Кыргызстан, качкын
Тема боюнча
Былтыр канча кыргызстандык РФ жарандыгын алды. Россия ИИМинин отчёту
Россиядагы кыргыз элчилигинин консулдук бөлүмүнүн юристи Мурзапаяз Карагулов

Карагулов: миграциялык карталар электрондошсо мигранттарга ыңгайлуу болот

31
Россиядагы кыргыз элчилигинин консулдук бөлүмүнүн юристи Мурзапаяз Карагулов Россия миграциялык карталарды электрондоштурса эмгек мигранттарына тийгизе турган таасири тууралуу айтып берди.
Карагулов: миграциялык карталар электрондошсо мигранттарга ыңгайлуу болот

Россия миграциялык карталарды электрондоштурууну пландап жатат. Мындан чочулоонун кажети жок, тескерисинче, эмгек мигранттары үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Бул тууралуу Мурзапаяз Карагулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мигранттар аталган документти жоготуп алып түйшүк тарткан учурлар көп эле кездешет.

Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды

"Россиянын аймагына киргенде чек ара кызматкерлери паспортуң аркылуу камерадан өткөрүп, колуңа миграциялык кагаз берет. Муну жоготуп алып Федералдык миграциялык кызматка (ФМС) кайрылып, убара тартып калыбына келтирген учурлар көп. Андыктан миграциялык карталар электрондошсо, эмгек мигранттарынын өздөрүнө эле ыңгайлуу болмок. Анткени дагы бир көйгөй, биздин жарандар көп учурда Кыргызстандын ички паспорту (ID-карт) менен келип, миграциялык картасын да жоготуп алган жагдайлар кездешет. Андыктан чет элге чыгуучу паспорт менен учууга кеңеш берип кетмекчимин. Ошондо мөөр басылып, кайсы күнү чек араны кесип өткөнү так билинет. Миграциялык картасын жоготуп алган учурда да бул мөөр далил болуп бере алат. Аталган документти электрондоштуруу мына ушундай түйшүктөн арылтат ", — деди Карагулов.

Ал кыргызстандыктарды Россияга чыгып жатканда бул жактын эмгек мигранттарына тиешелүү маалыматтар менен таанышып алуусу зарыл экенин кошумчалады.

31
Белгилер:
миграция, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россиядагы мигранттар тууралуу жаңы мыйзам эмне берет. Талдоо
Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов. Архив

Акыйкатчы кырсыктаган кыргызстандыктар боюнча россиялык кесиптешине кат жазды

74
(жаңыланган 13:13 28.09.2020)
27-сентябрь күнү Москва облусунун Ступино шаарындагы FM LOGISTIC логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, 51 кыргыз жараны жабыркаган.

БИШКЕК, 28-сен. – Sputnik. Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москальковага кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүүнү суранып кайрылды.

Акыйкатчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, Мамытов кырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардын укугун коргоо маселесин козгогон.

“Биздин жарандарга укуктук колдоо көрсөтүү жана социалдык төлөмдөр боюнча маселени өз көзөмөлүңүзгө алууну суранам. Ошондой эле тергөө органдарынын күнөөлүүлөрдү аныктап, компенсация төлөнүшү керектигин белгилегим келет”, - деп айтылат акыйкатчынын катында.

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Москва облусунун Ступино шаарындагы FM LOGISTIC логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, 51 кыргыз жараны жабыркаган.

Анын ичинен төрт мекендештин абалы оор. Каза болгондор катталган эмес.

74
Белгилер:
Москва, акыйкатчы, Токон Мамытов, Кыргызстан
Тема боюнча
51 кыргызстандык жабыркаган Москвадагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду
Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды
АКШнын Киевдеги элчилигин имараты. Архив

Киевде АКШ элчилигинде иштеген аялдын өлүмүнүн себеби иликтенип жатат

0
(жаңыланган 22:52 30.09.2020)
Алгач полиция аялды өлтүрө сабап кетишкенин билдирсе, кийинчерээк жергиликтүү басылмага укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адам аны поезд коюп кетиши мүмкүндүгүн маалымдаган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Украинанын борбору Киевде АКШ элчилигинин кызматкеринин өлүмү иликтенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Киев Улуттук полициясынын маалымат кызматы дипөкүлчүлүктүн кызматкери ооруканага токмок жеп түшкөндөн кийин каза тапканын билдирген. Укук коргоо органдары окуянын жагдайын тактап жатат.

Трамп: полиция кызматкерлерин жөн жерден атып кеткен киши өлүм жазасына тартылат

Полициядан билдиришкендей, шаршемби күнү Киев шаарынын Шевченко районундагы темир жол каттамына жакын жердеги токойлуу аймакта башынан жаракат алган аял жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жакка полиция кызматкерлери жана башка кызматтардын өкүлдөрү жөнөп кеткен.

"Аял эс-учун жоготкон абалда ооруканага жаткырылып, кийин ал ошол жерден көз жумган. Жабырлануучунун буюмдарын текшерүү учурунда анын АКШ элчилигинде иштей турганын тастыктаган күбөлүк табылган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кызматкерге кол салышы ыктымал делген адамдын болжолдуу портрети түзүлүп, изделип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Украина полициясынын өкүлдөрү РИА Новостиге маркумдун жарандыгы тактала электигин билдиришкен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, аялдын аты Санвер Никаело болгон.

Андан кийин "Цензор.НЕТ" басылмасы укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамга таянуу менен элчиликтин кызматкерин поезд коюп кетиши ыктымалдыгын жазган. Аял кулакчын тагынып алып темир жол жакта чуркаганы божомолдонгон.

Ошондой эле маалымат берген киши элчиликтин кызматкери желке тушунан оор жаракат алганын кошумчалаган.

0
Белгилер:
иликтөө, өлүм, кызматкер, элчилик, АКШ, Киев, Украина
Тема боюнча
Киев: бомба жардырам деген өзбекстандыкты аскерлердин кармаган учуру. Видео