Электрондук урналар. Архивдик сүрөт

Россиядагы мигранттар үчүн шайлоо участкаларынын саны эки эсе көбөйөт

182
БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын тизмесине кирген чет өлкөдөгү жарандардын саны 13 миңден ашыгыраак.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Россиядагы кыргыз мигранттары үчүн шайлоо участкалары эки эсе көбөйөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламентте билдирди.

Анын айтымында, буга чейин алты участок иштеп келсе, алардын санын 12ге жеткирүү пландалууда.

"Консулдук каттоонун эрежеси өзгөртүлдү. Мурда көп документтер керектелсе, азыр паспорт жана анкета толтуруу менен шайлоочулардын тизмесине кире алат. Каттоо акысыз жүргүзүлөт. Ошондой эле электрондук каттоо дагы киргизилген. Жакында эле Россияга барып мигранттар менен жолугуп келдим, алар мындай шарттар менен 100 миңден ашык адам катталарын айтышууда", — деди Шайлдабекова.

Ал ошондой эле учурда шайлоочулардын тизмесине кирген чет өлкөдөгү жарандардын саны 13 миңден ашык экенин кошумчалады.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары жергиликтүү кеңешке шайлоого даярдык жана кетирилген мүчүлүштүктөр боюнча маалымат алууда.

182
Белгилер:
Россия, Нуржан Шайлдабекова
Тема боюнча
Шайлоону утурлай. Ош шаарына каттоого тургандардын саны 34 миңге көбөйдү
Жогорку Кеңештин 21 депутаты шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүүнү сунуштады
Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Тигран Саркисян

Саркисян: мигранттар үчүн сонун долбоор бар, бирок Кыргызстан кызыкпай жатат

469
(жаңыланган 19:52 30.11.2020)
Долбоорго ылайык, жарандар өзүнүн өлкөсүндөгү лабораториядан коронавируска тест тапшырган соң смартфонуна QR-код жөнөтүлөт. Кийин чек арадагы көзөмөл органдары ошол QR-код аркылуу тесттин жыйынтыгын биле алышат.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Келечекте жарандардын Евразия аймагындагы кыймылын пандемия шартында жеңилдетүү боюнча экспериментке Кыргызстан кызыкдар болбой койду. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Тигран Саркисян билдирди. Ал Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн Москва — Ереван — Минск — Нур-Султан видео көпүрөсүнө катышты.

Саркисяндын айтымында, сөз болуп жаткан долбоордун маани-маңызы төмөнкүчө: жарандар өзүнүн өлкөсүндөгү лабораториядан коронавируска тест тапшырган соң смартфонуна QR-код жөнөтүлөт. Кийин чек арадагы көзөмөл органдары ошол QR-код аркылуу тесттин жыйынтыгын биле алышат.

"COVID-19 жок саякаттайм" долбоору — бул ЕАБРдин санарип демилгелери боюнча фондунун жасаган эмгеги. Учурда ал пилоттук долбоор бойдон турат. Буга чейин аны Евразия өкмөттөр аралык кеңеш караган. Декабрдын башында Россия, Беларусь жана Армения экспериментке катышат.

"Таң калычтуусу Армения менен Беларуска салыштырмалуу Кыргызстан бул экспериментке катышууга кызыкдар болгон жок. Негизи мындай долбоор айрыкча кыргыз тарапка пайдалуу курал эмеспи. Канчалаган мигранттар ишине кайта албай оор кырдаалда турушат. Бул көрүнүш Кыргызстандын да, Россиянын да экономикасына терс таасирин тийгизип жатат", — деди ал.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы аталган маалымат боюнча кечирээк комментарий бере турганын билдирди.

Эксперименттин жыйынтыгы менен бийликке отчёт берилип, долбоорду ЕАЭБге жайылтуу маселеси чечилмекчи. Саркисян демилге COVID-19дун жайылуу тобокелчилигин азайтып, көзөмөл жасоонун мыкты системасын жолго коюуга жана чек араны кесип өтүүнү жеңилдетүүгө жардам берет деп эсептейт.

Ал тиркеме даяр экенин, учурда AppStore менен Google Play дүкөндөрүндө каттоодон өтүп жатканын белгиледи.

"Бул кымбат эмес продукт. Биз аралыктан программа менен кантип иштөө керектигин лабораторияларга көрсөтүп беребиз, ошондой эле көзөмөл органдары менен да онлайн иштеп жатабыз", — деди Саркисян.

Анын айтымында, колдонуучулар жеке маалыматтары үчүн санаа тартпай эле койсо болот.

"Биринчиден, биздин программа системанын коопсуздугун арттырат. Экинчиден, анын түзүлүшү маалыматтар өлкө ичинде калгыдай болуп иштелип чыккан, башкача айтканда, маалымат алмашуу жүрбөйт", — деди жетекчи.

Саркисян азырынча долбоор ишке берилчү мөөнөт тууралуу айтуу эрте экенин белгиледи. Мында кеп макулдашуу стадиясындагы кабыл алынуучу саясий чечимдер тууралуу болууда. Бирок муктаждык күч болгондуктан долбоордун жакын арада ишке ашарына ишеним артылды.

469
Белгилер:
коронавирус, мигранттар, эксперимент, долбоор
Тема боюнча
Россияда кайсы адистер жетишпей жатат. Тизме
Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов. Архив

Мукамбетов: Түштүк Кореядагы мигранттар ошол жактан пенсияга чыга алышат

50
Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов Түштүк Кореяда эмгектенген кыргызстандыктар келишим боюнча ал жактан да пенсияга чыга алышарын айтты.
Мукамбетов: Түштүк Кореядагы мигранттар ошол жактан пенсияга чыга алышат

Түштүк Кореяда эмгектенип келген 20дай мекендеш ал жактан пенсияга чогулткан акчасын кайтарып алышты. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган мамлекетке жумушка орношууда келишимде эмгек мигрантынын пенсия маселеси да каралганын көпчүлүгү биле бербейт.

"Түштүк Кореяга келишим аркылуу кетип, мөөнөтү бүткөндө кайтып келген кыргызстандыктардын пенсияга чогулткан акчасы банктык эсебине которулуп жатат. Мындай жол менен 20дай мекендешибиз 3000 доллардан 8000 долларга чейин алышты. Ал жакта пенсияга чыгууда топтомо системасы гана иштейт. Ошондуктан эмгек мигранты айлыгынын 4,5 пайызын, иш берүүчү 4,5 пайызын өздөрүнүн социалдык фондуна которуп турат. Эмгек мигрантынын келишими бүткөн соң, ал Түштүк Кореядан чыгып кетип жатканда чогулган акчаны алып кетсе болот. Бирок муну көпчүлүк мекендештерибиз билбегендиктен, жөн эле учуп келе беришкен. Корея өлкөсү ошол киши жашаган аймактагы социалдык фонддун өкүлчүлүгүнө сурам жөнөтүп, жыйынтыгында эмгек мигранттарынын жеке эсебине акчасын которуп берген учурлар болду. Алардын мыйзамы боюнча адам иштеп кеткен соң беш жыл аралыгында пенсиясына чогулткан акчасын ала алат. Ошондуктан мурда-кийин Түштүк Кореяга келишим менен барып иштеп келген кыргызстандыктар бизге кайрылып, керектүү документтерин берсе биз ал жакка жиберип, ошол учурда топтолгон пенсиясын алдырып бере алабыз", — деди Мукамбетов.

Адис ошондой эле эмгек мигранты Түштүк Кореяда иштеп келген соң көзү өтүп кетсе, анын ошол жакта пенсияга чогулткан акчасын мураскерлери ала алышарын кошумчалады.

50
Белгилер:
мигранттар, пенсия, Түштүк Корея, Жеңишбек Мукамбетов
Тема боюнча
Шамшиев: Россияда 800 миң кыргызстандыктын 470 миңи мыйзамсыз иштейт
Футзал оюнчулары. Архив

Бүгүн футзал боюнча Кыргызстандын кубогунун жеңүүчүсү аныкталат

0
Мелдештин финалында "Ал Халал" менен "Мурас" командалары беттешет. Оюн Бишкектеги "Алай Мурдаш" спорттук жайында өтөт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бүгүн, 1-декабрда, футзал боюнча "Кыргызстандын кубогу – 2020" мелдешинин жеңүүчүсү аныкталат. Бул тууралуу аталган спорттук ассоциациянын маалымат кызматы билдирди.

Мелдештин финалында Бишкектин "Ал Халал" менен Ысык-Көлдүн "Мурас" командалары беттешет. Оюн Бишкектеги "Алай Мурдаш" спорттук жайында саат 12:00дө башталат.

Жарым финалда болсо "Ал Халал" "Бакубат Талас" командасын 7:3 эсебинде утуп, "Мурас" Оштун "ЕРЕМ" клубун 2:1 эсебинде жеңген.

Бул мелдеште өткөн жылы Бишкектин "Алга Дордой" клубу алдыга чыккан. "Дордойлуктар" финалда Бишкектин "Строй-Мир" командасын 3:1 эсебинде жеңип алган.

0
Белгилер:
финал, футзал
Тема боюнча
АФК-2021 мелдешинин форматы жана өтө турган күнү бекиди