Жээнбеков мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктарга кайрылды

© Sputnik / Виталий Невар / Медиабанкка өтүүРоссиядагы мигранттар. Архив
Россиядагы мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Анталия, Стамбул, Анкара, Новосибирск жана Дубай шаарларындагы 4500дөй мигрант мекенине келе албай жатканы айтылган.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште билдирүү жасап жатып мекенине келе албай жаткан кыргызстандыктардын маселесине токтолду.

Мамлекет башчы чек аралар жабылганча чейин 6 миңден ашык мекендеш Кыргызстанга алып келингенин белгиледи.

Калининграддагы мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков кесиптештерине ЕАЭБдеги эмгек мигранттарын колдоону сунуштады
“Ушул илдет чыккандан бери чет өлкөлөрдө иштеп жүрүп үйгө кайтып келүүнү каалаган ар бир боордошубуздун абалын түшүнүп турам. Азыр чек аралар жабык. Башка өлкөлөр сыяктуу эле биз дагы эң биринчи мүмкүнчүлүк пайда болору менен алардын маселесин чечүүгө киришебиз”, — деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, кечээ ЖК депутаттары учурда Анталия, Стамбул, Анкара, Новосибирск жана Дубай шаарларындагы 4500дөй мигрант мекенине кайтууга аргасыз болуп турганын билдиришкен. Ал эми өкмөт бул маселе дагы деле бүдөмүк экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0