Депутаттар өкмөткө мигранттарды алып келүүгө бир жума убакыт берди

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүРоссиядагы мигранттар. Архив
Россиядагы мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт мүчөлөрү бир жумада маселе чечилбей турганын айтып чыгышты, бирок депутаттар андай жүйөгө макул болгон жок.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары чет өлкөдөн келе албай жаткан кыргызстандыктарды алып келүү үчүн өкмөткө бир жума убакыт берди.

Бул боюнча парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети менен Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин токтому чыккан.

Ага ылайык, өкмөткө төмөдөгүдөй тапшырмалар берилди:

  • COVID-19 пандемиясына байланыштуу мекенге кайта албай жаткан жарандарга транспорттук коридор уюштуруп, чартердик каттам жана башка жолдор аркылуу алып келүү;
  • Республикалык бюджеттен каражат бөлүп, Кыргызстанга келгенге чейин муктаждыгына жараша жардам берүү;
  • Ыкчам чараларды көрүп, жарандарды бир жуманын ичинде алып келүү.
“Мекендештер бизге кайрылып, эгер маселе бир жуманын ичинде чечилбесе чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарына “мамлекет бизге көңүл бурбай жатат” деп арыздана турганын айтышууда. Биз аларды мындай кадамга барышына мажбурлабашыбыз керек”, — деди депутат Наталья Никитенко.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов бир жума реалдуу мөөнөт эмес экенин белгилеп, бул аралыкта сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтык чыгарууга аракет жасаларын айтты. Эгер алып келе албай калса, ошол жактан үйүндөгүдөй шарт түзүлө турганын кошумчалады.

Россиядагы мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктарга кайрылды
Ал эми тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов кыргызстандыктарды алып келүү ниетин билдиргендер жеке менчик авиакомпаниялар экенин, бирок чечимди мамлекеттик деңгээлдеги штаб кабыл аларын эскертти.

Натыйжада жалпы депутаттардын добушу менен өкмөт мүчөлөрүнүн өтүнүчү четке кагылып, комитет сунуштаган токтом колдоо тапты.

Белгилей кетсек, учурда Анталья, Стамбул, Анкара, Новосибирск, Дубай жана башка шаарлардагы 4371 мигрант мекенине келе албай жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0