Оренбургда калып калган 400дөн ашуун кыргызстандык 9 автобус менен жолго чыкты

Оренбургда калып калган 400дөн ашуун кыргызстандык 9 автобус менен жолго чыкты

1406
(жаңыланган 15:01 05.05.2020)
Мекендештердин жеке машиналары үчүн Соль-Илецкидеги унаа токтотуучу жай акысыз берилген. Бирок 70 жаран автоунаасын таштабай, өздөрү да калып калды.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Оренбург облусунда Казакстандын чек арасынан өтө албай турган кыргызстандыктар бүгүн, 5-майда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 8.00дө (11.00 бшк) жолго чыгышты. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдында түзүлгөн штаб билдирди.

Кыргыз-казак өкмөттөрүнүн ортосунда жетишилген келишимге ылайык, мекендештердин бир жолу өтүүсүнө уруксат берилген.

“Кыргызстандын 441 жараны тогуз атайын автобус менен медицина кызматкерлеринин коштоосунда чыгып кетишти. Автобустардын жетөө кыргыз өкмөтүнүн эсебинен, экөө коммерциялык негизде жеткирет. Ал эми жеке машиналарын калтыргандарга Оренбург облусунун өкмөтү тарабынан Соль-Илецк шаарынын Аскер бөлүгүнүн унаа коюучу жайы акысыз берилди. Тилекке каршы, консулдук жана диаспора активисттеринин түшүндүргөнүнө карабай, ал жерде дагы 70 жаран автоунаалары менен Казакстан чек арасынын ачылышын күтүп калышты”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Оренбург облусунун Бузулук шаарынын кире беришинде да 300 жаран турган. Элчи Аликбек Жекшенкулов облус губернатору Денис Паслерге кайрылып, айрымдарын чек арадан өткөрүү маселеси чечилген.

“Бузулукта тургандардын ичинен кош бойлуу аялдар, жашы жете элек балдар жана улгайган кишилерден 155и тандалып, жогоруда белгиленген автобус менен мекенине жөнөтүлдү”, — деп айтылат билдирүүдө.

Элчиликтин штабы бүгүнкү күнү Соль-Илецк менен Бузулукта кырдаал жөнгө салынганын белгилейт. Ошону менен катар эле Казакстан бир жолку өтүүгө гана уруксат бергенин айтып, мындан ары чек ара жабык болорун эскертти. Андыктан мекендештерди жашаган жеринен чыкпай, санитардык эрежелерди сактоо менен кырдаал жакшырганга чейин күтө турууга чакырат.

Ошондой эле элчилик кыргызстандыктарга көмөктөшкөнү үчүн Россиянын жергиликтүү бийлик органдарына ыраазычылыгын билдирген.

1406
Белгилер:
Оренбург, элчилик, Казакстан, мекендештер, Кыргызстан, Соль-Илецк
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2775)
Тема боюнча
Бишкекке дагы төрт мамлекеттен мекендештер алып келинди
Өкмөт чет өлкөдөн 4300 кыргызстандыкты алып келүүнү пландоодо
Россия президенти Владимир Путин. Архив

Путин мигранттар боюнча жарлык чыгарды. РФ элчилиги кыргызстандыктарга кайрылды

18478
(жаңыланган 00:23 22.06.2021)
Россияда жүрүү мыйзамын бузган мигранттар 30-сентябрга чейин каттоого туруп, патент алуу үчүн миграция бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Россия элчилиги Владимир Путиндин коронавирустун тарап кеткен кесепеттерин жоюу маалында чет элдик жарандардын же жарандыгы жок жүргөн адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу үчүн убактылуу чараларды караган жарлыгы боюнча кыргызстандыктарга кайрылды.

15-июнда президенттин мигранттардын Россияга келүүсү боюнча чыгарган жарлыгынын мөөнөтү бүтөт. Кеп мигранттардын эпидемиологиялык кырдаалдан улам РФте жүрүү боюнча документтерин узартууга болбой турган буйрук тууралуу болуп жатат. Аталган жарлык 2020-жылдын апрель айында күчүнө кирип, 2021-жылдын 15-июнуна чейин иштеген.

Жарлык күчүндө турган учурда Россиядан чет элдиктерди миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн депортация кылынбайт. Бул учурда мигранттарга өлкөдө убактылуу жүргөнү үчүн документтерди (анын ичинде визаны) узартып зарылдыгы жок. Келген жерге каттоого туруу жана туруктуу жашап жатканы боюнча да кагаздарды узартуу ашыкча.

Россияда орнотулган тартипти бузган мигранттар 30-сентябрга чейин каттоого туруп, патент алуу үчүн миграция бөлүмдөрүнө кайрылышы керек.

Ал эми мурда башка бир максат менен келген чет элдиктер арызына жаңы максатты көрсөтүп, анысы менен Россияга чындыгында эмнеге келген себебин билдире алышат деп белгилеген элчилик.

Миграциялык каттоого туруу үчүн берген арызында иш берүүчү менен түзүлгөн расмий эмгек же укуктук-жарандык келишим болушу керек.

Эгерде мигранттын бул документи жок болсо, ага айып пул салынат. Эгерде эки ирет айыпка жыгылып, ал өлкөдөн чыгарыла турган болсо, анда өзү эле эртерээк, 30-сентябрда, Россиядан кетип калганы оң.

Уруксаты бар деген статуска ээ чет элдик жарандар жана туруктуу жашоого уруксат кагаз алгандар 2020-жылдын 15-мартына чейин чыгып кеткендер 2021-жылдын 30-сентябрына чейин келип, аны узартып алуусу керек.

Элчилик кыргызстандыктарды Россияда мыйзамдуу жүрүүгө жол ачкан бардык процедураларды 30-сентябрга чейин бүтүрүп алууну суранган.

18478
Белгилер:
мыйзам, айып пул, жарлык, Мигрант, Владимир Путин, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Путин Россияда мигранттардын убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартып берди
Эмдөө жасап жаткан дарыгер. Архив

Собянин: Москвада мигранттарды эмдөө июлда башталышы мүмкүн

174
(жаңыланган 14:23 18.06.2021)
Собяниндин айтымына караганда, мигранттарды COVID-19га каршы эмдөө үчүн "Спутник Лайт" препараты колдонулат. Россияда алты миллиондон ашык мигрант жашайт.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Москвада июль айынын башында мигранттарды коронавируска каршы эмдөө башталышы мүмкүн. Бул тууралуу калаа мэри Сергей Собянин өзүнүн блогуна жазды.

Анын айтымына караганда, вакцинацияга "Спутник Лайт" препараты колдонулушу ыктымал.

"Өткөн жылы биринчи кезекте Россиянын жарандарын эмдөөдөн өткөрүү боюнча чечим кабыл алынган. Чектөөлөр ушуга гана байланыштуу. Учурда "Спутник Лайт" даярдала баштады. Негизи бул "Спутниктин" биринчи классикалык компоненти. Аталган препарат менен мигранттарды эмдөөгө уруксат алууну көздөп жатабыз. Биздин эсеп боюнча эмдөө июлда башталат", — деди Собянин.

Россиянын ИИМинин 2020-жылдагы декабрь айына карата алынган маалыматы боюнча, өлкөдө алты миллиондон ашык мигрант жашайт.

174
Белгилер:
Сергей Собянин, эмдөө, вакцина, коронавирус, Мигрант, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Ошто той жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат
Талибан кыймылынын жоокерлери. Архив

Талибдер тажик чек арасын көзөмөлдөөдө. Окуя кандай нук алат?

0
(жаңыланган 19:09 24.06.2021)
Афганистандан чет өлкөлүк күчтөрдүн толук чыгарылышына эки апта калганда талибдер тажик чек арасынын негизги тилкесин – "Шерхан-Бандар" бажы жана соода өтмөгүн басып алды.

Чек ара райондорундагы өкмөттүк күчтөр талкаланды, террорчулуктун Борбор Азия өлкөлөрүнө жайылуу коркунучу алда канча күч алды. "Талибан"* кыймылынын согушкерлери 22-июнда Афганистандын Тажикстан менен башкы чек ара өтмөгүн – "Шерхан-Бандар" көзөмөл-өткөрмө бекетин, анын жанындагы калктуу пункт жана бардык чек ара постторун тартып алды. Абалга аскерий баяндамачы Александр Хроленко баам салган.

Бул райондо афган коопсуздук күчтөрү өз ордун таштап, айрым аскер кызматкерлери чек ара аркылуу Тажикстанга карай качышкан. Көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу кыймыл токтотулду.

Талибдердин курчоосундагы Кундуз калаасынын айланасында негизги согуштук аракеттер уланууда. Ошол эле убакта Баглан, Герат, Кундуз, Фарьяб провинцияларындагы бир нече районду басып алышты. Соңку эки айда аталган кыймыл 30дан ашуун районду ээлеп, бүгүнкү күндө Ислам республикасынын аймагынын төрттөн үч бөлүгүн көзөмөлдөөдө.

Талибдер толук жеңиштин жакындыгын туюп, Кабулдун кулоо мүмкүндүгү жогорулап барат. Өкмөттүк күчтөр жана полиция кызматкерлери өз милдеттерин аткара албай калышты. Президент Ашраф Гани өткөн жумада коргоо, ошондой эле ички иштер министрлерин, куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчисин алмаштырууга мажбур болду. Бул аргасы кеткендеги аракеттей туюлду.

Афган парламентарийлери өкмөт өлкөдөгү кырдаалдын көзөмөлүн колдон чыгарганын билдирип, "Талибан"* менен күрөш үчүн коомдук фронт түзүүгө үндөдү. Кооптуу кырдаалдан улам элдик кыймыл отряддары Тахар, Баглан, Жаузжан, Сари-Пул, Фарьяб, Кундуз, Балх, Парван, Кандагар жана Бадгис провинцияларында уюшулуп жатат. НАТО стандарттарына ылайык жабдылып жана машыктырылган өкмөттүк армия душмандын мизин кайтара албаган жагдайда начар куралданган элдик отряд эмне кыла алат?!

Ал ортодо талибдердин тажик чек арасына жетиши – алардын жөнөкөй эле жергиликтүү ийгилиги эмес. "Шерхан-Бандар" көзөмөл-өткөрмө жайы Тажикстан менен Афганистандын ортосундагы эң маанилүү соода-ашуу пункту. Борбор Азия, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы товар айландыруунун бир топ көлөмү ошол өтмөк аркылуу өтөт.

Атайынбы же эрксизденби, талибдер Афган ислам республикасынын эл аралык алакаларына эбак кийлигише баштаган. Тажикстан чек араларын коргоону күчөтүп, он миңдей афган качкынын кабыл алууга даяр.

Борбор Азия күчүн бириктирүүдө

АКШ Куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгы (жоопкерчилик аймагына Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия кирет) Афганистандан америкалык контингенттин 50 пайыздан ашууну чыгарылганын, бул процесс 10-июлга чейин аяктарын маалымдаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Афганистанга жардам берүү боюнча миссиясынын жетекчиси Дебора Лайонс афган аралык жаңжалды тынч жол менен чечүүгө болоруна дале үмүт артат. Анткен менен талибдердин чет өлкөлүк күчтөрдүн чыгарылышы менен дароо провинцияларды курчоо жана басып алуу тактикасы кырдаал курчуп баратканын даана тастыктап турат. Коңшулар коркунучтарды жоюуга күч жана каражаттарын бириктирүүгө аргасыз.

22-июнда Душанбеде Кыргызстан, Россия Федерациясы, Казакстан жана Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчылары Марат Иманкулов, Николай Патрушев, Асет Исекешев жана Насрулло Махмудзода Афганистандагы кырдаалга тиешелүү коопсуздук маселелерин, Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана Шанхай кызматташтыгы уюмунун (курамына Кыргызстан, Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистан кирет) алкагындагы өз ара аракет пландарын талкуулашты.

Андан мурдараак борбор азиялык кесиптештери менен биргеликте РФ коргоо министри Сергей Шойгу кезиккен. Россия менен Өзбекстандын коргоо мекемелери 2021-2025-жылдары аскердик багыттагы стратегиялык өнөктөштүк программасын даярдашкан. Сүйлөшүү жүргүзүүчүлөрдүн иш билгилик жана жоопкерчилик деңгээли афган көйгөйүнүн олуттуулугун, бул жаатта Борбор Азия өлкөлөрү менен Россиянын терроризмдин (кандай гана аталышта болбосун) КМШ мейкиндигине чагылышын бөгөттөө үчүн күчтөрүн бириктирүүгө чечкиндүүлүгүн тастыктайт.

Россия Афганистанда абал кандай нук албасын, анын ичинде жарандык согуштун жаңы эпкини жана түндүккө террордук интервенциялоо аракеттерине да каршы чара көрүүгө даяр. ЖККУ уюмдун мүчөлөрүнүн коргоо жөндөмүн арттыруу үчүн колунан келгендин баарын аткармакчы.

Мындан тышкары, Шанхай кызматташтык уюмунун потенциалын да тартуу зарыл. Уюмга Афганистан менен чектешкен бардык мамлекеттер (анын ичинде Пакистан жана байкоочу макамындагы Иран) кирет эмеспи.

РФ коргоо министри Сергей Шойгу 23-июнда Москвада өткөн Эл аралык коопсуздук боюнча конференцияда Исламабад жана Тегеран менен өз ара аракеттешүүсүз афган түйүнүн" чечүү мүмкүн эместигин билдирди.

Дежа-вю

Афганистандын тышкы иштер министри Мохаммад Ханиф Атмар 22-июнда БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында: "Бир нече аптадан соң чет өлкөлүк күчтөрдү чыгаруу аяктайт. Ошондо эл аралык коомчулук "Талибан"* Доха келишиминин бир дагы жобосун аткарбаганын көрөт", — деп боолгологон. Бул жашыруун сыр деле эмес го...

Пентагон жана НАТО Афганистандагы демилгени эбак тарттырып ийген, анан шашылыш түрдө качып баратканын өздөрүнө ыңгайлуу таризде сүрөттөп жатышат. Афганистандан Кошмо Штаттар жана НАТО күчтөрүнүн чыгарылышы Батыштын геосаясий жактан каршылаштары – Россия, Түштүк жана Борбордук Азиянын бир катар өлкөлөрү үчүн стратегиялык тузак. Эске салсак, Афганистан Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Пакистан, Кытай, Иран, Индия менен чектешет. Аталган өлкөлөрдүн баары туруксуз радикалдуу ислам мамлекети менен коңшулуктун айынан коопсуздуктун төмөндөшүнө дуушар болушат. Кыязы, Вашингтонго ушул эле зарыл болгондой. Бирок Пентагон Борбор Азия өлкөлөрүнөн "кошумча аэродром" издегени Афганистандан чыгуу аргасыз чара экенин айгинелейт.

Афган ислам республикасынын Америкага ыктаган экс-президенти Хамид Карзай 21-июнда Associated Press маалымат агенттигине берген маегинде АКШ жана НАТО Афганистанда жеңилгенин ачык эле айтты. "Эл аралык коомчулук бул жакка 20 жыл оболу экстремизм менен күрөшүү жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн так бир максат менен келген. Бирок бүгүнкү күндө экстремизм жетер чегине жетти, ал эми коалиция күчтөрү өлкөнү "уятка калтырып жана кырсыкка батырып" таштап кетүүдө", — деди мурдагы афган лидери.

20 жылдык согуштук аракеттери менен "Талибан"* иш жүзүндө АКШны элдешүүгө мажбурлады. Болду-болбоду талибдер бир өлкөдөгү бийликти багынтуу менен тынч отуруп калышпайт. "Ислам эмирлиги" долбоорунан баш тартыша электигин белгилей кетели. Өлкөдө бүлгүн салуучу бөлөк күчтөр да жок эмес, атап айтканда, "Аль Каида"*, ИМ*, андан сырткары да 30 чакты террордук топ бар.

Эске салсак, талибдер Афганистандагы бийликти 1996-жылы согуш ачуу менен басып алып, шарияттын эң катаал вариантын орнотушкан: эл алдында жазалоо (дарга асуу), мыйзамды кымындай бузгандардын колу-бутун кесүү эрежелери кирип, аялдар коомдук турмуштан толугу менен обочолонуп, кино, теле көрсөтүү, музыкага тыюу салынган.

Эркектер сакал коюп, аялдар чүмкөнүүгө мажбур, антпесе өлүмгө дуушар болушкан. Булардан тышкары, "Талибан"* "Аль-Каиданын"* чуулгандуу лидерлеринин бирин өздөрүнө алышкан. Беш жылдан кийин талибдерди АКШ жана НАТО күчтөрү сүрүп чыгарган.

Пентагондун жетекчиси Ллойд Остин Афганистандан чет өлкөлүк күчтөр чыгарылгандан эки жыл өтпөй өлкөдө "Аль-Каида"* таасирин калыптандырып, кайрадан АКШ жана анын союздаштары үчүн коркунуч жарата баштарын болжойт. Ошондо афган тарыхынын чейрек кылымдык цикли кайра кайталанышы ыктымал. Анан да "халифаттын" саясий, экономикалык жана аскердик туруктуулугу үчүн коңшу өлкөлөрдөн жаңы күчтөр жана каражаттар талап кылынары шексиз.

* – бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюмдар.

0
Белгилер:
шарият, пункт, чек ара, Аскер, согуш, Талибан, Тажикстан, Афганистан
Тема боюнча
Эмнеге Пентагонго Борбор Азияда орун жок? Сереп
ЖМК: талибдер Тажикстан менен чектешкен аймакты басып алды