Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архивдик сүрөт

Россиядагы элчилик кыргызстандыктар үчүн маанилүү маалымат таратты

564
(жаңыланган 01:10 21.05.2020)
Элчилик социалдык тармактарда "Домодедово" жана "Жуковский" аэропортторунан учуп кетүүгө болот деп маалымат жайылтып, тизме түзүп жаткандарга ишенбөөгө чакырды.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы коронавируска каршы күрөшүү штабынан мекендештерди алдамчылардын тузагына илинип калуудан сак болууга чакырды.

Андан сырткары Оренбург облусуна барбай турууга кеңеш берди.

"Элчилик Москвадагы Добрынинская метросунун жанында алдамчылар Кыргызстанга кетчүлөрдүн тизмесин түзүүдө толтурула турган бланкаларды сатууга аракет кылып жаткандыгын эскертет. Бланкалар сатылбайт, элчиликтен бекер берилет", — деп айтылган маалыматта.

Андан сырткары социалдык тармакта "Домодедово" жана "Жуковский" аэропортторунан учуп кетүүгө болот деп маалымат жайылтып, тизме түзүп жаткандарга да ишенбөөгө чакырды. Алардын өз пайдасын көздөгөнү айтылган.

"Бүгүнкү күндө бардык авиакомпаниялар уча турган каттамдарды элчилик менен макулдашат. Эгерде студенттер жана башка топтор үчүн рейс уюштурулуп жатса, штаб мекендештерге токтоосуз билдирет", — деп айтылган маалыматта.

Буга чейин ТИМ Россиядагы кыргызстандыктарды сабырдуулукка, бири-бирин урматтоого, тартипке, кырдаалды туура түшүнүүгө жана жүргөн өлкөсүнүн эрежелерин так сактоого чакырган. Элчилик да бул маанайдагы билдирүү таратып, чек ара расмий ачылмайынча Россия — Казакстан чек арасына, Оренбургду көздөй барбоону суранды.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов 17-апрелден тарта, тагыраагы, акыркы бир айдын ичинде жалпысынан 17 авиарейс менен 3 500 жаран өлкөгө алып келингенин билдирген.

Коронавирус кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1270 болуп, анын 910у айыкты. Тилекке каршы, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

564
Белгилер:
Элчилик, коронавирус, Мигрант, ТИМ, Москва, Оренбург, Кыргызстан
Тема боюнча
23ү каттоого жетишпей калган. Аскат Алиев мекенге келген мигранттар боюнча үн катты
Россиядагы Кыргызстандын элчилигинде добуш берип жаткан адам. Архив

Президенттик шайлоо: Москвада элчиликтин консулдук бөлүмү дем алышсыз иштөөдө

28
Өлкө башчыны шайлоо 10-январда өтөт. Москвадагы мекендештер ага катышуу үчүн айдын аягына чейин элчиликке кайрылышы керек.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин консулдук бөлүмү шайлоочуларды дем алышсыз кабыл алып жатат. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Кийинки жылдагы президенттик шайлоого карата өлкө жарандарынын конституциялык жана шайлоо укуктарын камсыздоо иши 29-декабрга чейин уланмакчы.

Мекеме иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин, дем алыш күндөрү саат 10:00дөн 15:00гө чейин шайлоочуларды кабыл алууда.

"Жарандарды Москва шаарында добуш берүүчүлөрдүн тизмесине кирүү үчүн 29-декабрга чейин элчиликке кайрылып, шайлоо дарегин (Форма №2 арызы менен) өзгөртүүсүн, консулдук жана биометрикалык каттоодон өтүүсүн эскертебиз", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми шайлоочулардын алдын-ала тизмесин БШК сайты аркылуу текшерип алса болот.

28
Белгилер:
добуш берүү, шайлоо, Консул, элчилик, Москва, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Талант Мамытов ЖККУ лидерлерине президенттик шайлоо таза өтөрүн убадалады
Россиядагы мигранттар. Архивдик сүрөт

Россияда мигранттардын адаптациясы үчүн борборлорду ачуу маселеси каралууда

81
(жаңыланган 10:51 02.12.2020)
Россиянын аймактарында атайын борборлорду ачып, анын ишине бир топ коомдук жана улуттук борборлорду тартуу маселеси каралып жатат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Россияга келген мигранттардын жергиликтүү элдин социалдык жана маданий турмушуна бат көнүп кетиши үчүн атайын аймактык борборлорду ачуу керек. Бул тууралуу РФтин Улуттар иши боюнча федералдык агенттигинин жетекчиси Игорь Бариновдун сөзүнө таянып Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

"Мигранттардын социалдык жана маданий адаптациясы жеңил болушу үчүн бир топ иштерди аткаруу керек. Бул бүгүнкү күндөгү эң маанилүү нерселердин бири. Аймактарда атайын борборлорду ачып, анын ишине бир топ коомдук жана улуттук борборлорду тартуу маселеси каралып жатат", — деди Баринов.

Ал кошумчалагандай, бул нерсени ишке ашыруу үчүн эң биринчиден мыйзам жүзүндө бекитип алуу керек.

81
Белгилер:
борбор, адаптация, Мигрант, Россия
Тема боюнча
Мукамбетов: Түштүк Кореядагы мигранттар ошол жактан пенсияга чыга алышат
Бейшенов: эми мигранттар тааныштарын сатып алган үйүнө каттатууга укуктуу
Саркисян: мигранттар үчүн сонун долбоор бар, бирок Кыргызстан кызыкпай жатат
Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив

Кубатбек Боронов коронавируска кабылып, жандандыруу бөлүмүнө түштү

0
(жаңыланган 12:39 03.12.2020)
Маалыматка караганда, ал Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланууда. Бейтап коронавируска кабылып, илдети өрчүп кетип невмонияга айланганы айтылып жатат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус илдетине чалдыгып, жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булагы билдирди.

Ага караганда, ал Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланууда. Коронавирус илдети өрчүп кетип, пневмонияга айланганы айтылып жатат.

Ошондой эле ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы канааттандырарлык экени кошумчаланды.

0
Белгилер:
ден соолук, оорукана, пневмония, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирус дагы 420 кишиден табылып, 400 бейтап айыкты