КРге келген мигранттар патент алып иштөөгө милдеттүү болду. Жаңы мыйзам

Жазылуу
Мыйзамды демилгелеген депутат мындай жол менен өлкөгө иштегени келген мигранттардан жылына 600 миллион сомго жакын каражат жыйнаса болорун айткан.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков чек аралаш мамлекеттерден келип иштеген мигранттарды патент төлөөгө милденттендирген мыйзамга кол койду.

Аталган мыйзамды демилгелеген депутат Исхак Пирматов буга чейин бул чара Тажикстан менен Өзбекстандан келген эмгек мигранттарынын ишин мыйзамдаштыра турганын айткан.

Жобого ылайык, бир айлык патенттин баасын канча болорун өкмөт өзү аныктайт.

Пирматов чектеш өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттарынын саны 100 миңдин тегерегинде экенин билдирген. Патенттик система киргизилгенде ар биринен 500 сомдон төлөгөндө деле жылына бюджетке 600 миллион сом түшөрүн белгилеген.

Чет элдик мигранттардан жылына Кыргызстанга 8 млн. доллар түшүрсө болобу? Демилге

Аталган документ "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, Тышкы эмгек миграция жөнүндө, Тышкы миграция жөнүндө) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамы деп аталат.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 14-майда кабыл алган, мамлекет башчы бүгүн кол койду. Эми ал расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин (10-июлда) күчүнө кирет.

Чиновниктер байлыгын ачыктаса, эски ишин кечирүү мыйзамы сунушталды. Чоо-жайы

Кыргызстанга чет элдик жарандар көпчүлүк учурда курулуш жана айыл чарба чөйрөсүндө, түшүм жыйноо, эгин эгүү жана башка иштерди жасаганы келет. Ошондой эле курулуш бригадасынын курамында же болбосо жеке адамдардын үйлөрүн куруу боюнча убактылуу кызмат көрсөтүшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0