Манжа изин тапшырып жаткан кыз. Архив

Россияга кирип бараткан мигранттар үчүн өзгөчө эреже каралууда. Дактилоскопия

741
Жаңы эреже Россиянын аймагында 30 күндөн ашык жүргөн жарандар үчүн киргизилет. Миграциялык карта электрондук түрүнө алмашмакчы.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Россия бардык мигранттардан манжа издерин алууну пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМинин миграция боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова МИА "Россия сегодня" уюштурган онлайн-конференцияда билдирди.

Анын айтымында, мындай жол-жобо РФтин аймагында 30 күндөн ашык жүргөн чет элдик жарандар үчүн киргизилет. Жаңы тартип визасыз кире турган өлкөлөрдөн келген мигранттарга, жогорку квалификациялуу жумушчуларга таасир этет.

"Көптөгөн чет өлкөлүк жарандар РФтин аймагынан чыгарылгандан кийин мекенине барып, аты-жөнүн, жеке маалыматтарды алмаштырып алып кайра келе беришет. Манжалардагы өзгөчөлүктөрдү эч ким алмаштыра албайт. Ошондуктан Россия Федерациясынын аймагына 30 күндөн ашык мөөнөткө келген бардык чет элдик жарандар дактилоскопия өтүшү керек", — деген Казакова.

Чет элдиктерге ошондой эле сүрөткө түшүү жана медициналык маалымдама милдеттендирилери айтылууда.

РФке барган мигранттар башка чет элдиктин үйүнө каттоого тура алат. Жаңы мыйзам

ИИМ мындан сырткары кагаздан берилүүчү миграциялык карта электрондук картага алмаштырыларын билдирет. Башка өлкө жарандары документтерин кызмат көрсөтүү порталы аркылуу эле түзө алышат.

Бул жаңы демилгелердин баары РФтин чет элдик жарандардын укуктары жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясына камтылат.

741
Белгилер:
каттоо, документ, мыйзам, Мигрант, Россия
Тема боюнча
РФке барган мигранттар башка чет элдиктин үйүнө каттоого тура алат. Жаңы мыйзам
Чет өлкөдөгү мекендештер кайрадан көп суммада акча которо баштады
Россиядагы кыргыз элчилигинин консулдук бөлүмүнүн юристи Мурзапаяз Карагулов

Карагулов: миграциялык карталар электрондошсо мигранттарга ыңгайлуу болот

15
Россиядагы кыргыз элчилигинин консулдук бөлүмүнүн юристи Мурзапаяз Карагулов Россия миграциялык карталарды электрондоштурса эмгек мигранттарына тийгизе турган таасири тууралуу айтып берди.
Карагулов: миграциялык карталар электрондошсо мигранттарга ыңгайлуу болот

Россия миграциялык карталарды электрондоштурууну пландап жатат. Мындан чочулоонун кажети жок, тескерисинче, эмгек мигранттары үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт. Бул тууралуу Мурзапаяз Карагулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мигранттар аталган документти жоготуп алып түйшүк тарткан учурлар көп эле кездешет.

Боронов РФте көпүрө урап жабыркаган мекендештерге жардам берүүнү тапшырды

"Россиянын аймагына киргенде чек ара кызматкерлери паспортуң аркылуу камерадан өткөрүп, колуңа миграциялык кагаз берет. Муну жоготуп алып Федералдык миграциялык кызматка (ФМС) кайрылып, убара тартып калыбына келтирген учурлар көп. Андыктан миграциялык карталар электрондошсо, эмгек мигранттарынын өздөрүнө эле ыңгайлуу болмок. Анткени дагы бир көйгөй, биздин жарандар көп учурда Кыргызстандын ички паспорту (ID-карт) менен келип, миграциялык картасын да жоготуп алган жагдайлар кездешет. Андыктан чет элге чыгуучу паспорт менен учууга кеңеш берип кетмекчимин. Ошондо мөөр басылып, кайсы күнү чек араны кесип өткөнү так билинет. Миграциялык картасын жоготуп алган учурда да бул мөөр далил болуп бере алат. Аталган документти электрондоштуруу мына ушундай түйшүктөн арылтат ", — деди Карагулов.

Ал кыргызстандыктарды Россияга чыгып жатканда бул жактын эмгек мигранттарына тиешелүү маалыматтар менен таанышып алуусу зарыл экенин кошумчалады.

15
Белгилер:
миграция, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россиядагы мигранттар тууралуу жаңы мыйзам эмне берет. Талдоо
Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов. Архив

Акыйкатчы кырсыктаган кыргызстандыктар боюнча россиялык кесиптешине кат жазды

73
(жаңыланган 13:13 28.09.2020)
27-сентябрь күнү Москва облусунун Ступино шаарындагы FM LOGISTIC логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, 51 кыргыз жараны жабыркаган.

БИШКЕК, 28-сен. – Sputnik. Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москальковага кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүүнү суранып кайрылды.

Акыйкатчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, Мамытов кырсыктан жабыркаган кыргызстандыктардын укугун коргоо маселесин козгогон.

“Биздин жарандарга укуктук колдоо көрсөтүү жана социалдык төлөмдөр боюнча маселени өз көзөмөлүңүзгө алууну суранам. Ошондой эле тергөө органдарынын күнөөлүүлөрдү аныктап, компенсация төлөнүшү керектигин белгилегим келет”, - деп айтылат акыйкатчынын катында.

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Москва облусунун Ступино шаарындагы FM LOGISTIC логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, 51 кыргыз жараны жабыркаган.

Анын ичинен төрт мекендештин абалы оор. Каза болгондор катталган эмес.

73
Белгилер:
Москва, акыйкатчы, Токон Мамытов, Кыргызстан
Тема боюнча
51 кыргызстандык жабыркаган Москвадагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду
Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды
Президент Сооронбай Жээнбеков жана Венгрия премьер-министри Виктор Орбан Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюу учуранда

Кыргыз-венгер кызматташтыгы боюнча 12 документке кол коюлду. Тизме

20
(жаңыланган 18:46 29.09.2020)
Жээнбеков кыргыз-венгер кызматташтыгын жакшы деңгээлге көтөрүп, эки тараптуу алаканы күчөтөрүн белгилеген.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Будапешт шаарында президент Сооронбай Жээнбеков жана Венгрия премьер-министри Виктор Орбан Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Андан сырткары, билим берүү, саламаттык сактоо, финансы жана бир топ тармактардагы алака-катыштар болмокчу.

Эки тараптуу кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган төмөнкү документтер:

  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Кош салыктан качуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгрия өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды коргоо жана кеңейтүү жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин ортосундагы квоталык орундарды 75тен 150гө чейин көбөйтүү жөнүндөгү макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол;
  • Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин ортосундагы экономиканы санариптештирүү тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Венгриянын Социалдык ресурстар министрлиги ортосунда саламаттык сактоо тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Венгриянын Дьёр-Мошон-Шопрон аппараттарынын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-маданий кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Венгриянын Айыл чарба министрлиги ортосунда өсүмдүктөрдүн карантини тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Венгриянын өкмөтү ортосунда эл аралык автоунаа каттамдары жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги менен Венгриянын Ички иштер министрлиги ортосунда суу ресурстарын башкаруу тармагында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасы менен Венгриянын Финансы министрликтеринин ортосунда өз ара байланыш жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Венгриянын Ички иштер министрлигинин ортосунда өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум.

Жээнбековдун расмий иш сапарынын алкагында Будапешт шаарында өтүп жаткан кыргыз-венгер бизнес форумунун жүрүшүндө кол коюлушу күтүлүп жаткан документтер:

  • Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен Венгриянын Экспортту илгерилетүү агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуусу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы жана Венгриянын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуусу жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Будапешт шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуусу жөнүндө меморандум.

Эске салсак, президент Жээнбеков 28-сентябрда, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен аталган өлкөгө жооп катары жасалган сапары менен барган.

Мамлекет башчы иш сапар кыргыз-венгер кызматташтыгын жакшы деңгээлге көтөрүп, алаканы күчөтөрүн белгилеген.

20
Белгилер:
кызматташуу, меморандум, Будапешт, Сооронбай Жээнбеков, Венгрия, Кыргызстан
Тема боюнча
Гимндер жаңырып... Жээнбеков Венгрияда премьер Орбан менен расмий жолукту
Венгрияга барган Жээнбеков Баатырлар аянтына гүлчамбар койду
Европадагы биринчи стратегиялык өнөктөш. Жээнбеков Орбанды Кыргызстанга чакырды