Россиядагы мигранттар

Россиядагы мигранттар тууралуу жаңы мыйзам эмне берет. Талдоо

(жаңыланган 10:48 15.09.2020)
Россиянын ИИМи миграция тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясын иштеп чыкты. Документ салык төлөөгө, патент алууга, айлык акынын көлөмүнө жана иштөө үчүн келгендерди каттоо жараянына жаңыча кароого шарт түзөт.

Эксперттик чөйрөдө Ички иштер министрлигинин сунушу Россиянын миграциялык мыйзамына кескин реформаларды киргизе турганы айтылууда.

Мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов мыйзам күчүнө киргенден кийин (2022-жылдын 1-январы) башкача жашоо баштала турганын билдирди.

© Sputnik / Владимир Трефилов
Мигранттар федерациясынын президенти Вадим Коженов
"Мигранттардын салык төлөө боюнча жаңы системасы пайда болот. Эсеп-чот жүрөт. Бүгүнкү күндө качан келгени белгисиз мигранттардын саны көп. Биз алардын баарын реестрге киргизели деп жатабыз. Мен жумушчу топтун мүчөсүмүн. Бул көп жылдан бери биринчи жолу миграциялык мыйзамдын керектүү нукка өзгөрүп жатышы", — деди Коженов.

Анын айтымында, жаңы мыйзам мигранттардын жашоосун эле жакшыртпастан, иш берүүчүлөрдүн да чет элдик жарандарды жумушка алуу процедурасын жеңилдетет.

Россияга кирип бараткан мигранттар үчүн өзгөчө эреже каралууда. Дактилоскопия

Миграциялык мыйзам боюнча адис Рустам Каримов документте мигранттардын эмгек акысынын көлөмү тууралуу пункт бар экенин белгиледи. Ага ылайык, чет элдик жумушчуга маяна ошол аймакта ошол категорияга кирген жумушчунун орточо айлыгына барабар болот. Мындай чара экономиканын айрым тармагында мигранттар үчүн вакансиянын кыскарышын шартташы мүмкүн.

"Японияда мыйзам боюнча мигранттар жергиликтүү тургундарга караганда көбүрөөк айлык алат. Натыйжада ал жакта чет элдиктерди жумушка алуу пайдасыз. Балким, мыйзам сунуштагандар япондордун тажрыйбасын Россияга ооштурганы жаткандыр же мигранттардын санын кыскартууну, же чындап эле алардын жашоосун жакшыртууну көздөп жатышкандыр. Тактоолор киргизилгенден кийин анализдеп, мыйзамдын күнгөй-тескейи айтылат. Азырынча сунуш кандай жол менен ишке ашары белгисиз", — деди Каримов.

ИИМ сунуштаган мыйзам долбоорунун концепциясында чет элдик жаран электрондук патентти толтургандан кийин белгилүү бир өлчөмдөгү аванс төлөшү керектиги айтылат. Андан тышкары, мигранттын айлык акысы ошол адистиктеги жергиликтүү тургундардын орточо маянасынан кем болбой турганы каралган. Чет элдик жумушчулар үчүн атайын ID-карталар иштелип чыгып, алар мыйзам бузууну, айып пулун, салык төлөгөн-төлөбөгөнүн каттап турат. Ал эми жумуш берүүчүлөр үчүн да атайын реестр түзүлөт.

РФке барган мигранттар башка чет элдиктин үйүнө каттоого тура алат. Жаңы мыйзам

Буга чейин Россия ИИМинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова жаңы мыйзамдын концепциясы РФ жарандыгын алуу процедурасын жеңилдетип, 2021-жылы мыйзам долбоору болуп сунушталарын билдирген.

Белгилер:
шарт, айлык-акы, жумуш, мыйзам, Россия, миграция
Тема боюнча
Карантинде Москвадагы мигранттар арасында кылмыштуулук күчөдүбү? Мэрдин жообу
Екатеринбург шаарындагы мигранттар. Архив

Россияда мигрант куруучулардын реестрин түзүү сунушталууда. Максаты кандай

(жаңыланган 16:02 22.04.2021)
Жаңы эреже мигранттарга жумушка оңой орношууга, айлык акысын убагында алып, жакшы шарттарды талап кылууга жардам берери айтылууда.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Россияда Куруучулардын улуттук бирикмеси курулуш тармагында иштеген мигранттардын реестрин түзүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу бирикменин жетекчиси Антон Глушков РИА Новости агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда Россияга келген куруучулар ден соолугу тууралуу маалым кат даярдап, орус тилинен экзамен тапшырып, ошондой эле жумушка орношуу үчүн документтерди тууралашы керек.

"Мындан ары аларды Россияга келе жатканда эле бирдиктүү реестрге катталууга милдеттендирүүнү сунуштап жатабыз. Бул нерсе мигранттарга жумушка оңой орношууга, айлык акысын убагында алып, жакшы шарттарды талап кылууга жардам берет. Мындан тышкары, салык жагынан ачык-айкындуулук пайда болмок", — деди Глушков.

Ошондой эле жетекчи бул тизме учурда кайсы куруучу иштеп, кайсынысынын колу бош экенин аныктап, тез аранын ичинде аны жаңы объектиге жайгаштырууга мүмкүнчүлүк түзөрүн кошумчалады.

Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "ири пландарды ишке ашыруу үчүн мигранттар жетишсиз болуп жатканын, жумушчу күчтүн тартыштыгы өзгөчө курулуш тармагында байкалганын" билдирген.

Белгилер:
реестр, курулуш, мигранттар, Россия
Тема боюнча
Песков: ири пландарды ишке ашыруу үчүн Россияга мигранттар жетишпей жатат
Санкт-Петербуг шаарындагы Миграция кызматынын имаратынын жанындагы миграннтар. Архив

Россия мыйзамсыз келген мигранттардын өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартты. Шарты

(жаңыланган 10:27 22.04.2021)
Мигранттар өлкө аймагына мыйзамсыз келсе аларга санкцияларды колдонбостон, укуктук абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү берилери айтылды.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Россияга мыйзамсыз барган мигранттардын ал жакта жүрүү мөөнөтүн узартуу жана жашаган жеринде каттоого алуу чечими кабыл алынат. Бул тууралуу РФтин Ички иштер министрлигинин чет элдик жарандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө кайрылуусунда айтылды.

Россиянын аймагында мыйзамсыз баргандар ээн-эркин жүрүп, жашай турчу жерди тандай алары белгиленди. Бул өлкөнүн айрым экономикалык тармактарында жумушчу күчтүн жетишсиздиги менен байланыштуу. Ошого карап чет элдик жарандарды курулуш, турак жай-коммуналдык чарба жана айыл чарбасында иштөөгө мыйзамдуу түрдө тартуу аракети болуп жатканы айтылат.

"Россия президентинин 18-апрелиндеги жарлыгына ылайык, мигранттар өлкө аймагына келүү мыйзамын бузган учурда аларга санкцияларды колдонбостон, укуктук абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү берилет", — деп айтылат кайрылууда.

Жалпылап айтканда Россияда мыйзамсыз жүргөндөр жашаган жери боюнча укук коргоо органдарына кайрылышы керек. Алар мигрантка жана үй-бүлөсүнө тиешелүү документтерин бүтүргөнгө жардам беришет.

Белгилер:
мыйзам, узартуу, мөөнөт, Мигрант, ИИМ, Россия
Тема боюнча
Мигранттар Кыргызстанга январь айында канча акча которду
АУЦАнын президенти Эндрю Качинс. Архив

АУЦАнын президенти Эндрю Качинс суракка чакырылды

(жаңыланган 19:11 23.04.2021)
Ички иштер министрлиги окуу жайдын жетекчиси каттоого алынган кылмыш ишинин алкагында суракка чакырылганын айтты.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Борбор Азиядагы Америкалык университеттин (БААУ — АУЦА) президенти Эндрю Качинс ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Окуу жайдын жетекчиси каттоого алынган кылмыш ишинин алкагында чакырылганы айтылат.

Министрлик сотко чейинки өндүрүш боюнча маалымат Жазык-процессуалдык кодексинин 160-беренесине ылайык ачыкка чыгарылбай турганын кошумчалады.

Белгилер:
сурак, Эндрю Качинс, ИИМ
Тема боюнча
Апкаарып калбаңыз! Суракка чакырылган адам эмнелерди билиши керек