Башкыртстанда топтолуп турган кыргызстандыктар 2-3 күндө мекенине кайтат

© Фото / МЧС РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын ӨКМ убактылуу жайгашуу пункту. Архив
Россиянын ӨКМ убактылуу жайгашуу пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оренбуржьенин бийлиги чет элдиктер үчүн трассаны жаап салганы мигранттар аталган аймакка топтолууга аргасыз болушкан.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Башкыртстандын Оренбуржье менен чектешкен жерине топтолгон Кыргызстандын жарандары эки-үч күндөн кийин мекенине кайтат. Бул тууралуу РИА Новости Оренбург облусунун өкмөтүнө шилтеме берүү менен жазды.

Маалыматка караганда, Оренбург облусу менен чектешкен Башкыртстандын Куюргазинский районунда 1 353 кыргызстандык топтолуп, үйлөрүнө кетүүгө аракет жасап жатышат. Алардын арасында 24 кош бойлуу келин жана 35 бала бар. Республика чет элдиктерге палатка коюп, ысык тамак, суу менен камсыздап, медициналык жардам уюштурду.

Чет өлкөдөгү мекендештер кайрадан көп суммада акча которо баштады

Буга чейин Собкор02.ru интернет-порталы Оренбуржьенин бийлиги чет элдиктер үчүн трассаны жаап салганы мигранттар Башкыртстандын аймагында топтолууга аргасыз болуп жатканын жазган.

"Бул мигранттар эки-үч күндүн ичинде үйлөрүнө кетишет. Учурда жеринде Кыргызстандын консулу, элчиликтин өкүлдөрү жүрөт. Алар Казакстан менен байланышып, мигранттарга Россия менен чектешкен жеринен "коридор" ачып берүүнү суранып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Мигранттарды мекенине кайтаруу маселеси менен Кыргызстандын консулу алек болуп жатканы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0