Якутияда мигранттар үчүн тиркеме иштелип чыкты. Ал кыргыз тилинде да жеткиликтүү

© Фото / Pixabay / congerdesignКиши смартфон менен колдонуп жатат. Архив
Киши смартфон менен колдонуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сервис орус, якут, англис, кытай, өзбек, тажик, кыргыз тилдеринде иштелип чыккан. Тиркеме iOS жана Android каражаттарынын колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Якутияда мигранттардын жумушка орношуусу жана документтерин жасоо үчүн акысыз мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Ал кыргыз тилинде да жеткиликтүү болот. Бул тууралуу "Новости Якутии" порталы маалымдады.

"Шериктештик" деп аталган тиркемени Якутиянын Тышкы байланыштар жана элдик иштер министрлиги менен Кулаковский атындагы эл достугу үйү иштеп чыккан.

Колдонуучулар тиркеменин жардамы менен документтердин даяр болгонун, патенттин түп нускасын текшере алышат. Ошондой эле анда жумушка уруксат алуу, Россияга кирүүгө тыюу салууну текшерүү, жол эрежеси боюнча айып пулдар сыяктуу кызматтар жеткиликтүү.

Мындан сырткары, тиркемеде колдонуучуну башка маалымат сервисине жиберип коюу мүмкүнчүлүктөрү да түзүлгөн. Чет өлкөлүк жарандар тиркеменин жардамы менен Якутиядагы сунуштулган жумуш орундардын базасы менен таанышып, иш берген адамга резюмесин жибере алат.

Коркпой жазышса болот... WhatsApp көптөн күткөн кызматты кошот

Сервис орус, якут, англис, кытай, өзбек, тажик, кыргыз тилдеринде иштелип чыккан. Тиркеме iOS жана Android каражаттарынын колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.

Аны смартфонго yakutia-sodr.ru шилтемеси аркылуу кирип көчүрүп алса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0