Россиядагы мигранттар. Архивдик сүрөт

Россияда бекер дарыланат. ЕАЭБ ичинде мигранттарга каралган жеңилдиктер

385
(жаңыланган 15:17 13.11.2020)
Чет өлкөгө акча табуу үчүн барган жарандарга ооруп, кырсыктап калып ашыкча чыгым болуу, албетте, негизги көйгөйлөрдүн бири. Бүгүн бир нече мамлекеттер кирген ЕАЭБдин алкагында кандай жеңилдиктер бар экенин тизмектейбиз.

Россиянын көпчүлүк аймактарында COVID-19 жуктуруп алган мигранттар акысыз дарыланып жатат. Бул тууралуу өткөн аптада Москва шаарынын Саламаттык сактоо департаменти Sputnik радиосуна билдирген эле.

Буга чейин коронавируска кабылган чет элдиктер Россияда милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (ММК полиси) бар учурда гана акысыз же жеңилдиктер менен дарылана алчу. Бирок Россия бийлиги коронавирус жалпы адамзатка коркунуч алып келген оору экенин эске алып, полиси жок мигранттарды да акысыз дарылоонун жолун тапты.

Төмөндө ушул туурасында жана ЕАЭБ мамлекеттеринде мигранттарга кандай медициналык жеңилдиктер каралганын айтып беребиз.

Өкмөт Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү шартын караштырууда

Коронавируска кабылган мигранттар

Камсыздандырылган же акысыз дарыланууга укук берген ММК (ОМС) полиси Россияда убактылуу же туруктуу жашоого уруксаты бар чет элдик жарандарга, качкындарга жана эмгек келишими аркылуу иштеген ЕАЭБ мамлекеттеринин атуулдарына берилет. Ал эми башка өлкөлөрдөн келип, ММК полисин ала албаган жарандарга күтүүсүз кырсыктан жаракат алып, өмүрүнө коркунуч жаралган учурда гана акысыз тез жардам көрсөтүлөт. Эми өлкө бийлиги коронавирусту дагы ушул категорияга кошуп койду.

"Россияда коронавирус жуктурган киши беш күндүк антибиотикалык терапияга орто эсеп менен 10 миң рубль коротот. Ал эми мигранттар акча алары менен мекенине, үй-бүлөсүнө жиберет. Андыктан өтө оор абалга кептелип калышы мүмкүн", — деген пикирин Sputnik радиосунун эфиринде Россиянын Мигранттар федерациясынын башчысы Вадим Коженов айтты.

ЕАЭБ мигранттарынын кандай укугу бар

Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ортосунда медициналык жеңилдиктер боюнча "Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө" келишим бар. Документте мигрант жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу гана жазылган.

Мигрант жана анын үй-бүлө мүчөлөрү дегендер кимдер?

Мигрант — биримдикке мүчө өлкөгө башка өнөктөш мамлекеттен мыйзамдуу түрдө келип, эмгек келишиминин негизинде иштеп жаткан жаран. Анын үй-бүлө мүчөсү болуп мыйзамдүү түрдө никеде турган түгөйү, балдары жана анын багуусундагы башка жакын адамдары.

Кайсы кызматтар акысыз?

Жогорудагы документке ылайык, мигрант биримдикке кирген кайсы өлкөдө иштебесин, анын өмүрүнө коркунуч жаралган абалдан чыгарууга чейинки шашылыш медициналык жардам, дары-дармек жана зарыл болгон медициналык каражаттар бекер берилет. Ал эми пландык медициналык жардам жумуш берүүчү өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 

Мужчина на территории международного делового центра Москва-Сити.
© Sputnik / Владимир Песня
Россияда милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы иштейт. 2017-жылдын 1-январынан бери ЕАЭБге кирген өлкөнүн жарандары полисти бекер алып жүрүшөт.

Кыргызстанда

Кыргызстанда иштеп жүргөн эмгек миранттары жергиликтүү эл менен бирдей шартта (анын ичинде Тез жардам кызматын акысыз алуу) медициналык кызматтарды пайдалануу үчүн ММК полисин алышы керек.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтында анын баасы Кыргызстандын жарандары үчүн 1200 сом, чет элдиктер үчүн 12 149 сом экени көрсөтүлгөн. Бирок фонддон учурда бааларды өзгөртүү маселеси өкмөттө каралып жатканын айтышты.

ММК полиси менен акыркы үч жыл ичинде Кыргызстандын ооруканаларында ЕАЭБ мамлекеттеринен келген 10 миңге чукул чет элдиктер дарыланган. Эң көп көрсөткүч (4 172 киши) былтыр, 2019-жылы, катталган. Быйыл азыркы күнгө чейин Кыргызстанда медициналык жардам алган чет элдик жарандардын саны 2 153кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Россия менен Казакстандын атуулдары.

Мигранттар ММК полисин кантип алса болот?

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактын башкармалыгына же жашаган жериндеги Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылуусу керек. Жанында анын ким экенин тастыктаган документ болушу зарыл.

ММК полиси Кыргызстандын бүткүл аймагында мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелеринде пайланууга жарайт.

Россияда COVID-19 жуктуруп алган мигранттар акысыз дарыланууда

Россияда

Россия Федерациясында дагы ММК системасы иштейт. 2017-жылдын 1-январынан бери биримдикке кирген өлкөнүн жарандары полисти бекер алып жүрүшөт.

Мигранттар ММК полисин кантип алса болот?

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна же башка камсыздандыруу боюнча мекемелерге кайрылышы керек.

Талап кылынган документтер:

  • паспорт;
  • эмгек келишими;
  • Россиянын аймагына киргенде берилген бланктын тытып алма бөлүгү;
  • Россиянын пенсиялык камсыздандыруу системасына кирген жарандын өздүк эсеп номери.

Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Беларустун жарандары Россияда эмгек келишими менен иштеп жаткан учурда гана айрым медициналык кызматтарды акысыз ала алат. Ал эми жарандык-укуктук келишимдин негизинде иштегендиктерге мындай жеңилдиктер каралган эмес. Түшүндүрө кетсек, эмгек келишими — жумуш берүүчү менен кызматкердин ортосунда бери дегенде бир нече айга түзүлөт. Анда адам кайсы бир кызматка даярданып, келишимге ылайык тартипти, эрежелерди карманып, милдеттерин аткарышы керек. Ал эми жумуш берүүчү аны иш жана айлык менен камсыздайт. Ал эми жарандык-укуктук келишимде эки тарап бирдей укукта болуп, негизинен иштин жыйынтыгына баа берилет. Мисалы, буга бир же бир нече жолу кызмат көрсөтүү же кайсы бир долбоорду ишке ашырып берүү буюртмасы кирет.

Россиядагы мигранттар тууралуу жаңы мыйзам эмне берет. Талдоо

ММК полиси негизи календардык жылдын аягына чейин жарактуу, бирок эмгек келишими аяктаары менен ал дагы жокко чыгарылат.

Билип ала турган маанилүү жагдайлардын бири — мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрү Россияда акысыз медициналык кызматтарды пайдалана албайт. Аларга полис сатып алганга мүмкүнчүлүк берилбегендиктен, медициналык кызмат алар үчүн бекер эмес. Тагыраагы, дарыгерге акча төлөп көрүнөт.

Россияда МКК полиси кандай мүмкүнчүлүктөрдү берерин кененирээк Милдеттүү медициналык камсыздандыруу федералдык фондунун сайтынан таанышсаңыз болот. 

Мэр Москва С. Собянин принял участие в открытии здания миграционного центра
© Sputnik / Денис Гришкин
Мигранттарга медициналык жардам көрсөтүү жагын жакшыртуу боюнча ЕЭК менен ага мүчө өлкөлөрдүн тиешелүү органдары учурда да иш алып барууда.

Арменияда

Евразия экономикалык комиссиясынан (ЕЭК) билдиргендей, бул өлкөдө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы жок. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген мигранттар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө медицинадык жардам "Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө" келишимге ылайык, Армениянын жарандары менен бирдей шартта көрсөтүлөт.

Баса, Арменияда Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы атайын комиссия акысыз медициналык жардам алчу жарандардын тизмесин түзөт. Адатта ага коомдун аз камсыздалган бөлүгү кирет. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн барган мигранттар аталган топко кирип кала турган болсо, акысыз дарылана алышат.

Беларуста

Беларуста да шарттар Армениядагыдай, ММК полиси иштебейт. Бул өлкөнүн саламаттык сактоо системасы ЕАЭБ мигранттарына өз жарандарындай эле кызмат көрсөтүшөт.

Казакова: ЕАЭБ мигранттары Россияда жергиликтүүлөр менен теңата иштешет

Казакстанда

Коңшу өлкөдө ушул жылдын 1-январынан тарта милдеттүү медициналык социалдык камсыздандыруу полиси иштей баштады. Аны Казакстандын жарандары менен бирдей шартта өлкө аймагында мыйзамдуу иштеп жүргөн чет элдиктер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү ала алат. 

Люди на контрольно-пропускном пункте Ак-Жол на границе Кыргызстана и Казахстана.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Казакстанда да 2020-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү медициналык социалдык камсыздандыруу полиси иштей баштады. Аны Казакстандын жарандары менен бирдей шартта өлкө аймагында мыйзамдуу иштеп жүргөн чет элдиктер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү ала алат.

Миграттар ММК полисин кантип алса болот?

Үй-бүлөлүк медициналык борборго каттоого туруп, ММК полисин алууга арыз бересиз. Ал үчүн жумуш берүүчү камсыздандыруу фондуна акча төлөп турат. Кызматкеринин айлыгынын 2 пайызын түзгөн төлөм өз чөнтөгүнөн чыкса, дагы бир пайызын кызматкердин маянасынан кармап калат.

Казакстанда МКК полиси кандай мүмкүнчүлүктөрдү берерин кененирээк Медициналык камсыздандыруу фондунун сайтынан таанышсаңыз болот.

Мигранттарга медициналык жардам көрсөтүү жагын жакшыртуу боюнча ЕЭК менен ага мүчө өлкөлөрдүн тиешелүү органдары дагы деле иштеп жатканы белгилүү болду.

385
Белгилер:
Мигрант, жеңилдик, медицина, Беларусь, Армения, Казакстан, Россия, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (212)
Тема боюнча
Бангладештен Өзбекстанга 900 мигрант иштегени келет
Казакова: ЕАЭБ мигранттары Россияда жергиликтүүлөр менен теңата иштешет
Россиядагы Кыргызстандын элчилигинде добуш берип жаткан адам. Архив

Президенттик шайлоо: Москвада элчиликтин консулдук бөлүмү дем алышсыз иштөөдө

38
Өлкө башчыны шайлоо 10-январда өтөт. Москвадагы мекендештер ага катышуу үчүн айдын аягына чейин элчиликке кайрылышы керек.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин консулдук бөлүмү шайлоочуларды дем алышсыз кабыл алып жатат. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Кийинки жылдагы президенттик шайлоого карата өлкө жарандарынын конституциялык жана шайлоо укуктарын камсыздоо иши 29-декабрга чейин уланмакчы.

Мекеме иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин, дем алыш күндөрү саат 10:00дөн 15:00гө чейин шайлоочуларды кабыл алууда.

"Жарандарды Москва шаарында добуш берүүчүлөрдүн тизмесине кирүү үчүн 29-декабрга чейин элчиликке кайрылып, шайлоо дарегин (Форма №2 арызы менен) өзгөртүүсүн, консулдук жана биометрикалык каттоодон өтүүсүн эскертебиз", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми шайлоочулардын алдын-ала тизмесин БШК сайты аркылуу текшерип алса болот.

38
Белгилер:
добуш берүү, шайлоо, Консул, элчилик, Москва, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Талант Мамытов ЖККУ лидерлерине президенттик шайлоо таза өтөрүн убадалады
Россиядагы мигранттар. Архивдик сүрөт

Россияда мигранттардын адаптациясы үчүн борборлорду ачуу маселеси каралууда

87
(жаңыланган 10:51 02.12.2020)
Россиянын аймактарында атайын борборлорду ачып, анын ишине бир топ коомдук жана улуттук борборлорду тартуу маселеси каралып жатат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Россияга келген мигранттардын жергиликтүү элдин социалдык жана маданий турмушуна бат көнүп кетиши үчүн атайын аймактык борборлорду ачуу керек. Бул тууралуу РФтин Улуттар иши боюнча федералдык агенттигинин жетекчиси Игорь Бариновдун сөзүнө таянып Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

"Мигранттардын социалдык жана маданий адаптациясы жеңил болушу үчүн бир топ иштерди аткаруу керек. Бул бүгүнкү күндөгү эң маанилүү нерселердин бири. Аймактарда атайын борборлорду ачып, анын ишине бир топ коомдук жана улуттук борборлорду тартуу маселеси каралып жатат", — деди Баринов.

Ал кошумчалагандай, бул нерсени ишке ашыруу үчүн эң биринчиден мыйзам жүзүндө бекитип алуу керек.

87
Белгилер:
борбор, адаптация, Мигрант, Россия
Тема боюнча
Мукамбетов: Түштүк Кореядагы мигранттар ошол жактан пенсияга чыга алышат
Бейшенов: эми мигранттар тааныштарын сатып алган үйүнө каттатууга укуктуу
Саркисян: мигранттар үчүн сонун долбоор бар, бирок Кыргызстан кызыкпай жатат
Кыздын чачынан тартып аткан киши. Архивдик сүрөт

Аялын өлтүрө сабап он жылдан кийин кармалган зөөкүр. Ноябрдагы соттук чечимдер

0
(жаңыланган 20:46 05.12.2020)
КРдеги фемида өкүлдөрү узап кеткен айда бир топ чуулуу, төбө чачты тик тургузган кылмыштарды карап чыгып бир катар чечимдерди кабыл алды.

Булардын арасында ымыркайларды саткан медицина кызматкерлери, аялын мыкаачылык менен өлтүрүп он жылга жоголгон эргулдун былыктары бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги ноябрь айындагы айрым соттук өкүмдөрдү сунуштайт.

Ымыркай саткан дарыгерлер

Борбор калаадагы жеке медициналык клиникалардын биринде иштеген ак халатчандар боюнан алдырууга келген келинге дары берип төрөтүп, ымыркайды көптөн бери балалуу боло албай жүргөн бүлөгө 1 500 долларга сатып жиберген. Бир нече күн өткөндөн кийин ал чүрпө сыркоолоп калып ооруканага түшкөн. Айыгып чыккандан кийин анын багып алган энеси наристени кайра берип салган. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү ошондой эле мыйзамсыз документтерди даярдаган. Дарыгерлер мындай жоруктарын бир нече жолу жасап, төрөлгөн балдарды 1500 доллардан 3000 долларга чейин сатышкан. Жыйынтыгында фемида өкүлдөрү бир акушер-гинекологду сегиз жылга эркинен ажыратып, төрт жылга мамлекеттик жана жеке медициналык мекемелерде иштөө укугунан ажыратты. Калган бешөөнү "Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 75 жылдыгына, 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын он жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" мыйзамынын негизинде жазадан бошотту.

Казынага 21 миллиондон ашык зыян келтирилген

Чет элдик эки жаран 2012-жылы Бишкек шаарында почта кызматын көргөзгөн фирма ачып, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандан чыккан тамекилерди Канада, АКШ, Европага бажы төлөмдөрүн төлөбөй жөнөтүп турган. Укук коргоо кызматкерлери ишкананын документтерин карап чыгып, ишкерлер мамлекеттик казынага жалпы 21 миллион 405 миң сомдон ашык зыян келтиргендигин аныктаган. Айыпталуучулар аталган сумманы өлкө казынасына төлөп берип, камактан бошотулду.

Интернетке сүрөт жүктөп соттолгон ата

Чач тарач болуп иштеген жаш жигит интернет айдыңында диний сүрөттөрдү көчүрүп алып социалдык тармактар аркылуу бөлүшкөн. Милиция кызматкерлери андагы символикалар КРде тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмуна таандык экендигин аныктаган. Сот отурумунда шектүү аталган уюмга тиешеси жок экенин жана алардын идеологиясын жактабай турганын айткан. Бирок бир баланын атасы үч жылга эркинен ажыратылды.

Аялын өлтүрө сабап жоголгон эргул

Он жыл мурун мас болуп алып боюнда бар аялын түн ортосунда көчөдө катуу сабап койгон. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы келип бети-башы канжалаган жаш келинди ооруканага алып кетип, милиционерлер кызыл камчыны колго түшүргөн. Бир күн өткөндөн кийин кош бойлуу аял эсине келбей ооруканада көз жумган. Ал эми камактагы эргул тергөө учурунда прокуратуранын имаратынан чыгып баратып погончондорго күч колдонуп качып кеткен. Адам өмүрүн алган шектүү он жыл жашынып жүрүп паспортун алмаштырып, башкага үйлөнүп, эки балалуу болгонго жетишкен. Эми зөөкүр он жыл темир тор артында болот.

Мыкаачы кылмышкер

Ширетүүчү болуп иштеген 51 жаштагы жаран улгайган аялдын үйүнө түн ортосунда кирип жеңил акча табууга аракет кылган. Пенсия курагындагы кожейке ойгонуп кеткен. Кылмышкер анын колу-бутун байлап зордуктап, андан соң муунтуп өлтүрүп, окуя болгон жерден кетип калган. Соттук-медициналык экспертиза аял аба жетпей көз жумгандыгын аныктаган. Эми мурда сот жоопкерчилигине тартылган мыкаачы 20 жыл өмүрүн абакта  өткөрүп, мамлекетке 100 миң сом төлөйт.

Элден 300 миң сомго жакын акча алып...

Кылмышка шектүү катары милициянын колуна түшкөн эркек Ош шаары менен Ош облусунун аймагында каржы пирамидасы менен алектенген. Ал жергиликтүү тургундардан ири суммадагы акча каражатын алып, аларды "иштебесеңер деле берген акчаңар ай сайын көбөйүп турат" деп ишендирген.

Жалпы ал шылуун элден 300 миң сомго жакын акча чогулткан. Жеңил акча табууга бел байлаган киши эми 80 миң сом айып пул төлөп, эки жыл сегиз ай темир тор артында болот.

0
Белгилер:
шектүү, өкүм, сот, кылмыш, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда көбүнчө кайсы курактагылар кылмыш кылат. Статистика