Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Тигран Саркисян

Саркисян: мигранттар үчүн сонун долбоор бар, бирок Кыргызстан кызыкпай жатат

866
(жаңыланган 19:52 30.11.2020)
Долбоорго ылайык, жарандар өзүнүн өлкөсүндөгү лабораториядан коронавируска тест тапшырган соң смартфонуна QR-код жөнөтүлөт. Кийин чек арадагы көзөмөл органдары ошол QR-код аркылуу тесттин жыйынтыгын биле алышат.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Келечекте жарандардын Евразия аймагындагы кыймылын пандемия шартында жеңилдетүү боюнча экспериментке Кыргызстан кызыкдар болбой койду. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Тигран Саркисян билдирди. Ал Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн Москва — Ереван — Минск — Нур-Султан видео көпүрөсүнө катышты.

Саркисяндын айтымында, сөз болуп жаткан долбоордун маани-маңызы төмөнкүчө: жарандар өзүнүн өлкөсүндөгү лабораториядан коронавируска тест тапшырган соң смартфонуна QR-код жөнөтүлөт. Кийин чек арадагы көзөмөл органдары ошол QR-код аркылуу тесттин жыйынтыгын биле алышат.

"COVID-19 жок саякаттайм" долбоору — бул ЕАБРдин санарип демилгелери боюнча фондунун жасаган эмгеги. Учурда ал пилоттук долбоор бойдон турат. Буга чейин аны Евразия өкмөттөр аралык кеңеш караган. Декабрдын башында Россия, Беларусь жана Армения экспериментке катышат.

"Таң калычтуусу Армения менен Беларуска салыштырмалуу Кыргызстан бул экспериментке катышууга кызыкдар болгон жок. Негизи мындай долбоор айрыкча кыргыз тарапка пайдалуу курал эмеспи. Канчалаган мигранттар ишине кайта албай оор кырдаалда турушат. Бул көрүнүш Кыргызстандын да, Россиянын да экономикасына терс таасирин тийгизип жатат", — деди ал.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы аталган маалымат боюнча кечирээк комментарий бере турганын билдирди.

Эксперименттин жыйынтыгы менен бийликке отчёт берилип, долбоорду ЕАЭБге жайылтуу маселеси чечилмекчи. Саркисян демилге COVID-19дун жайылуу тобокелчилигин азайтып, көзөмөл жасоонун мыкты системасын жолго коюуга жана чек араны кесип өтүүнү жеңилдетүүгө жардам берет деп эсептейт.

Ал тиркеме даяр экенин, учурда AppStore менен Google Play дүкөндөрүндө каттоодон өтүп жатканын белгиледи.

"Бул кымбат эмес продукт. Биз аралыктан программа менен кантип иштөө керектигин лабораторияларга көрсөтүп беребиз, ошондой эле көзөмөл органдары менен да онлайн иштеп жатабыз", — деди Саркисян.

Анын айтымында, колдонуучулар жеке маалыматтары үчүн санаа тартпай эле койсо болот.

"Биринчиден, биздин программа системанын коопсуздугун арттырат. Экинчиден, анын түзүлүшү маалыматтар өлкө ичинде калгыдай болуп иштелип чыккан, башкача айтканда, маалымат алмашуу жүрбөйт", — деди жетекчи.

Саркисян азырынча долбоор ишке берилчү мөөнөт тууралуу айтуу эрте экенин белгиледи. Мында кеп макулдашуу стадиясындагы кабыл алынуучу саясий чечимдер тууралуу болууда. Бирок муктаждык күч болгондуктан долбоордун жакын арада ишке ашарына ишеним артылды.

866
Белгилер:
коронавирус, мигранттар, эксперимент, долбоор
Тема боюнча
Россияда кайсы адистер жетишпей жатат. Тизме
Россиядагы мигранттар. Архив

ЕАЭБ пенсиясын кимдер кандай шартта алышат? 7 суроого жооп

252
Шейшемби, 12-январь күнү, ЕАЭБ курамындагы мамлекеттердин жарандарын пенсия менен камсыздоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясы иштеп чыккан келишим күчүнө кирди.

Никита Чикунов

Ал биримдикке кирген бардык өлкөлөрдүн аймагында ишке ашат. Россия, Казакстан, Беларусь, Армения жана Кыргызстан мигранттарга пенсия төлөп берүүгө милдеттүү.

Эмгек стажы кантип эсептелет?

2021-жылдын 12-январынан кийинки гана учур эске алынат. Эгер бир өлкөдө иштеген стаж пенсияга чыгууга жетиштүү болбой жатса, ЕАЭБге кирген башка мамлекеттеги иштеген учурлар кошо эсептелет.

Пенсияны ким ала алат?

Пенсия алыш үчүн мигрант аталган келишим күчүнө киргенден баштап өлкөдө бери дегенде 12 ай иштеши зарыл. Мындан тышкары, ал эмгектенип жаткан мамлекеттин социалдык же пенсиялык фонддоруна убагында тиешелүү төлөмдөрдү төлөп турууга милдеттүү.

Пенсия кантип чегерилет?

Пенсияга курагы жеткен жаран тиешелүү документтерин чогултуп, иштеп жаткан өлкөнүн социалдык же пенсиялык фондуна кайрылуусу зарыл. Эгер документтери жайында болсо, ал өз мекенине барып отурбай, ошол эле жерден пенсиясын ала баштайт.

Пенсия кайсы төлөмдөрдөн куралат?

ЕАЭБ пенсиясы базалык жана экспорттолгон болуп эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү адам жашаган мамлекет тарабынан төлөнөт. Экспорттолгон бөлүгүн ал мурда иштеген өлкө (ЕАЭБдин курамындагы) жиберип турат.

Мисалы, Кыргызстандын жараны аталган келишим күчүнө киргенден кийин Россияда — беш, Беларуста — төрт, Арменияда — бир жыл иштеп, кийин мекенине кайтты дейли. Ал жакта дагы бир аз убакыт эмгектенди. Демек, ал төрт мамлекеттен тең пенсиясынын экинчи бөлүгүн алат. Ал эми базалык бөлүгүн ага ошол учурда жашап жаткан өлкө катары Кыргызстан төлөйт.

Кайсы өлкөдө базалык пенсиянын көлөмү кандай?

  • Армения — 18 миң драм (3 миң сомдон ашыгыраак);
  • Беларусь — базалык пенсия эмгек стажына жараша аныкталат;
  • Кыргызстан – 1,5 миң сом жана кошумча төлөмдөр;
  • Россия — 6044 рубль, кошумча төлөмдөр бар.

Башка өлкөгө кетсе, пенсиянын көлөмү өзгөрөбү?

Бир өлкөдөн экинчисине көчүп кете турган болсо, пенсиянын көлөмү кайра каралып чыгат. Анткени жогоруда айтылгандай, базалык бөлүктүн көлөмү ар кайсы өлкөдө ар башка. Бирок эмгек стажы боюнча пенсиясы мурдагыдай кала берет.

Ким пенсия ала албайт?

ЕАЭБ пенсиясын күч органдарынын кызматкерлери, аскер адамдары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү ала албайт. Ошондой эле булардын катарын мамлекеттик кызматкерлер дагы толуктайт.

252
Белгилер:
мигранттар, пенсия, Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
ЕАЭБ мигранттарына пенсия төлөө боюнча келишим күчүнө кирди
Былтыр 11 айда мигранттар 2,1 млрд. доллардан ашык акча которду
Мамлекеттик думанын депутаты Никита Березин

Мамдума депутаты: кыргызстандыктар Россияда ишсиз калбайт

405
(жаңыланган 18:17 13.01.2021)
Эл өкүлүнүн айтымында, жакын арада мигранттар Россиянын эмгек рыногунан өздөрүнө ылайыктуу жумуш тапса болот.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Россияга кайрадан кетип жаткан кыргызстандыктар мурда иштеп жүргөн тармактардан жумуш таба алат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде Мамлекеттик думанын депутаты Никита Березин билдирди.

"Биздин өлкөгө иштегени келип жаткан чет элдиктер жергиликтүү калктай эле өзүн ыңгайлуу сезип, көздөгөн нерсесине жетиши үчүн Мамлекеттик дума мыйзамдарды кабыл алып жатат. Россияга мурдагыдай эле куруучулар, шыбакчылар сыяктуу адистер керек", — деди Березин.

Ошондой эле ал пандемия айрым нерселерди өзгөртүп койгонун, андыктан айрым мигранттар жаңы нерселерди өздөштүрүшү керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары, ал азыр дүйнө элинин негизги максаты коронавирусту жеңип чыгуу экенин билдирди.

405
Белгилер:
Мамлекеттик Дума, депутат, жумуш, миграция, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россиялык депутат Мамлекеттик Дума КРге кандай мамиледе экенин айтты
ЕАЭБ мигранттарына пенсия төлөө боюнча келишим күчүнө кирди
Карта ойноп жаткан адам. Архив

Инимди кумар оюндарынан кантип чыгарам. Бир тууганы санаага салган аялдын каты

0
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бир тууган инисинин жүрүм-турумуна нааразы болгон аял кайрылган.

Сиздерге психологдун кеңешин алуу үчүн кайрылып жатам. Менин да 35 жаштагы бир тууган иниме байланыштуу көйгөй жаралууда. Иним шаар жеринде турат. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы болсо да жаман адаттын артынан түшүп алып, аялын эле эмес бизди да түйшүккө салууда. Мындан жети жыл мурун үйлөнгөндө бир туугандар чогулуп, борбордон мейманкана тибиндеги бөлмө алып бергенбиз. Азыр ошондо турушат. Андан бери эч ирденбей койду. Келинибиз тигүүчү болуп иштеп, балдарынын окуусуна, тамак-ашына, күнүмдүк жашоого акча таап жүрөт. Кийим-кечектерине биз жардам беребиз. Аялы кетип калбаса экен деп сарсанаабыз. Анткени бир тууганыбыз үйдүн кожоюну катары жумушта иштеп акча таппайт. Тактап айтканда, акыркы 3-4 жылдан бери такыр эле бекерчиликке көнүп алды. Мурда мектепте иштечү, кийин таксист болуп жүрүп кырсыкка кабылып машинасын сатты. Ошондон бери эле өзгөрдү. Кумар оюндарына кандайча, ким аркылуу кызыгып кеткени белгисиз. Айланасы ошондой болуп жатабы, айтор, жоро-жолдоштору менен үйлөргө барып мелдешип карта ойнойт экен. Футболду да акчага мелдешип ойношорун уктум. Өзүнөн сурасак ачылып айтпайт. Жакшыраак жумуш издеп жатканын айтып кутулат. Мектептен жумуш таап берсек, айлыгы аз деп көңүлдөнбөйт. Жок дегенде кароолчу болуп бир жерге орношуп алса деле жакшы болот эле. Эмне ойлоп жүргөнү белгисиз.

Баары бүткөнсүп, эми компьютердик клубдарга да барып турарын келин айтып даттанууда. Ал да тажадым дейт. Бир күнү жашап жаткан бөлмөсүн сатып салса эмне болот деп да кабатырланабыз. Ушундай жагдайда психологго жекече кайрылууга болобу? Же жыйынтык болбойбу...

Гүлнара Жасоолова, психолог:

— Каттагы жигиттин эжесинин "жубайлар ажырашып, балдар атасыз калбасын" деген бир туугандык тынчсыздануусун түшүнүп жатам. Эгер адам жеке жүрүм-турумун, кылган ишин өзү көзөмөлгө алуу менен туура эмес жолдо баратканын сын көз менен карай алса жакшы. Анда кеңеш алуу үчүн психологго кайрылууга болот. Иниңиз үй-бүлөсүнө кайсы бир деңгээлде зыян алып келип жатканын же балдарына толук кандуу ата боло албай жүргөнүн алгач түшүнүшү керек. Антпесе психологго кайрылгандан пайда чыкпайт. Муну менен катар адамдын жеке каалоосу да болушу шарт.

Негизинен жашоодо көп нерсе тарбияга байланыштуу. Баланы кичинесинен эле өтө камкордукка алып, "тигини кий, биякка бас, сабагыңа бар" деп карай берсе ошого көнүп алат. Үйлөнткөндөн кийин "жашашсын" деп бөлмө да алып бергениңерди жазыпсыздар. Адам жакындарынын жетегине, алардын жардамына, жөлөп-таяганына ыңгайлашып алса, ар нерсеге башын оорутпай жүрө берет. Силер азыр санаа тартып тынчсызданып жатасыздар, бирок иниңизге азыркы жүрүм-туруму нормалдуу эле сезилиши мүмкүн. Анткени башкалар ал үчүн камкордук жасап, көйгөйүн чечип бергенге көнгөн. Үй-бүлө курганда да кожоюн катары жоопкерчиликти сезе албай калганынын себеби ошол. Бул жигитке жардам берүү үчүн алгач өзүнүн демилгеси, өзгөрүүгө каалоосу болушу зарыл. Андан кийин гана психолог жардам бере алат.

0
Белгилер:
жигит, кумаркана, Гүлнара Жасоолова, психолог
Тема:
Психолог менен баарлашуу
Тема боюнча
Күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы мамиле сууп кетти... Келиндин даты
Кызым күйөөдөн чыга берип тажатты... Санаага баткан эненин каты