Соцфонд кайсы мамлекеттерде иштеген мигранттар пенсия ала аларын айтты

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүРоссия рубли. Архив
Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пенсия, медициналык, социалдык камсыздандыруу боюнча Түркия менен дагы макулдашуу бар экени айтылып, ал 1-ноябрдан тарта күчүнө киргени маалым болду.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнур Жуматаева кайсы чет мамлекетте иштеген кыргыз мигранттары өлкөгө келгенде пенсия ала аларын брифинг учурунда түшүндүрдү.

Анын айтымында, бул тема боюнча ЕАЭБдин алкагында төрт мамлекет менен макулдашуу түзүлгөн.

"ЕАЭБдеги Россия, Кыргызстан, Казакстан, Беларусь жана Армения мамлекеттеринин ортосунда пенсия боюнча макулдашуу түзүлүп, ал биз тараптан ратификацияланган. Азыркы тапта Беларусь мамлекетин күтүп жатабыз. Бул мамлекет макулдашууну ратификация кылгандан кийин ал күчүнө кирет. Мында Россияда же жогорудагы өлкөлөрдө легалдуу иштеген жарандар кийин Кыргызстанга келип жашай турган болсо, анда ошол мамлекет өз мыйзамдарына ылайык пенсиясын чектеп бизге экспортко жөнөтөт. Түштүк Корея мамлекети менен дагы ушундай макулдашуубуз бар. Эгер кыргыз жарандары ал жерде иштеп, бирок төлөмдөрүн ала албай калган болсо, Соцфонд аларга жардам кылып, алып берет. Бүгүнкү күндө ушундай маселе менен 14 жарандын каражатын алууга көмөктөштүк", — деди Жуматаева.

Төраганын орун басары пенсия, медициналык, социалдык камсыздандыруу боюнча Түркия менен дагы макулдашуу бар экенин айтып, ал 1-ноябрдан тарта күчүнө киргенин белгиледи.

Киши сом купюраларды кармап турат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Эмдиги жылы пенсия канча пайызга көбөйөрү айтылды
"Мында түрк жарандары менен кыргыз жарандары бирдей укукка ээ болушат. Башкача айтканда, Кыргызстанда жүргөн түрк жарандары менен Түркияда жүргөн кыргыз жарандарынын пенсия маселеси гана эмес, медициналык, социалдык камсыздандыруу маселелери бирдей чечилет. Эгер кыргызстандык бир адам Түркияда иштесе, кийин өлкөгө кайтканда Түркия анын эсебине пенсиясын которуп, экспорт кылат", — деди Жуматаева.

Ал Соцфонд учурда Польша, Литва, Венгрия, Италия мамлекеттери менен пенсия маселеси боюнча макулдашуулардын үстүндө иштеп жатканын кошумчалады. Аталган өлкөлөргө Кыргызстан долбоорлорду жиберип, алардын жообун күтүп жатканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0