Никита Чикунов
Ал биримдикке кирген бардык өлкөлөрдүн аймагында ишке ашат. Россия, Казакстан, Беларусь, Армения жана Кыргызстан мигранттарга пенсия төлөп берүүгө милдеттүү.
2021-жылдын 12-январынан кийинки гана учур эске алынат. Эгер бир өлкөдө иштеген стаж пенсияга чыгууга жетиштүү болбой жатса, ЕАЭБге кирген башка мамлекеттеги иштеген учурлар кошо эсептелет.
Пенсия алыш үчүн мигрант аталган келишим күчүнө киргенден баштап өлкөдө бери дегенде 12 ай иштеши зарыл. Мындан тышкары, ал эмгектенип жаткан мамлекеттин социалдык же пенсиялык фонддоруна убагында тиешелүү төлөмдөрдү төлөп турууга милдеттүү.
Пенсияга курагы жеткен жаран тиешелүү документтерин чогултуп, иштеп жаткан өлкөнүн социалдык же пенсиялык фондуна кайрылуусу зарыл. Эгер документтери жайында болсо, ал өз мекенине барып отурбай, ошол эле жерден пенсиясын ала баштайт.
ЕАЭБ пенсиясы базалык жана экспорттолгон болуп эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү адам жашаган мамлекет тарабынан төлөнөт. Экспорттолгон бөлүгүн ал мурда иштеген өлкө (ЕАЭБдин курамындагы) жиберип турат.
Мисалы, Кыргызстандын жараны аталган келишим күчүнө киргенден кийин Россияда — беш, Беларуста — төрт, Арменияда — бир жыл иштеп, кийин мекенине кайтты дейли. Ал жакта дагы бир аз убакыт эмгектенди. Демек, ал төрт мамлекеттен тең пенсиясынын экинчи бөлүгүн алат. Ал эми базалык бөлүгүн ага ошол учурда жашап жаткан өлкө катары Кыргызстан төлөйт.Бир өлкөдөн экинчисине көчүп кете турган болсо, пенсиянын көлөмү кайра каралып чыгат. Анткени жогоруда айтылгандай, базалык бөлүктүн көлөмү ар кайсы өлкөдө ар башка. Бирок эмгек стажы боюнча пенсиясы мурдагыдай кала берет.
ЕАЭБ пенсиясын күч органдарынын кызматкерлери, аскер адамдары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү ала албайт. Ошондой эле булардын катарын мамлекеттик кызматкерлер дагы толуктайт.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы президенти Жозеф Байден алгачкы иш күнүндө кол койгон жарлыктарынын бири менен Кыргызстан катарына кирген бир нече өлкөнүн жарандарына коюлган визалык чектөөнү алып салды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
"Президент Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койду. Биз кыргыз өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саясий коопсуздукту кыйла жакшыртканын байкадык", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Ошондой эле өкмөт Интерпол менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана террорчулук тууралуу маалыматтар менен ачык-айкын бөлүшүп жатканы кошумчаланды.
"АКШ кыргыз элинин коопсуздугу жана эгемендүүлүгү үчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө умтулат", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 2017-жылы АКШга биометрикалык паспорт колдонбогон өлкөлөрдүн жарандары киргизилбей тургандыгы тууралуу жарлыкка мурдагы президент Дональд Трамп кол койгон. Анда Кыргызстан тез арада биометрикалык паспортторду жайылтышы керектиги айтылган.
Жо Байден 20-январь күнү ант берип, АКШнын президенттик кызматына расмий түрдө киришти.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россияда иштеп жүргөн жарандары ушул жылдын 15-мартына чейин документтерге байланыштуу иштерин бүтүрүп алышы керек. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Россия президенти "COVID-19 инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чараларды узартуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Документтеги талаптарга ылайык, төмөнкүлөрдү аткаруусу зарыл:
Эгер Россияда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары жогорудагы талаптарды аткарбаса, өлкөдөн чыгарылып, кайра кирүүгө тыюу салынмакчы.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерреш коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнө акыркы жүз жылдыктагы эң оор экономикалык каатчылыкка кептелгенин билдирди. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.
Катчынын айтымында, азыр "дүйнө абдан морт болуп турган кез".
"Пандемия эки миллиондон ашык адамдын өмүрүн алып кетти. Экономикалык абалыбыз акыркы 100 жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөтүчкө түштү. Коронавирус адамдар, өлкөлөр арасында теңсиздик бар экенин далилдеп койду. Кыскасы, жаратылышка биз кандай мамиле кылсак, ал бизге дал ошондой сокку уруп жатат. Дүйнө эли диалогго келип, кызматташуубуз керек", — деди Гутерреш.
Ошондой эле ал 2021-жылы дүйнөнү калыбына келтирүүдө өкмөттөр, эл аралык уюмдар, жеке сектор жана жарандык коом биргелешип ынтымакта иштешүүсү керектигин кошумчалады.