Жапаров: Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттарына кам көрүлөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Российская газета" гезитине маек учурунда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Российская газета гезитине маек учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы "Мигранттар үчүн "1+1" схемасы менен бизнес ачууну каржылоо/аны өнүктүрүүгө" жеңилдетилген насыя берүү схемасы тууралуу айтып берген.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Өлкөгө кайтып келген эмгек мигранттарын адаптациялоо жана реинтеграциялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу кийинки милдеттердин бири. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Российская газета" гезитине берген маегинде билдиргенин мамлекет башчынын маалымат кызматы жазды.
"Кийинки милдет Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттарын адаптациялоо жана реинтеграциялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу болуп саналат. Мамлекет аларга жумушка орношууга өз убагында жардам көрсөтүп, өз Мекенине кайтып келгенден кийин жеке бизнесин ачууга, балдарына татыктуу билим берүүгө, алардын келечеги үчүн кам санабай тургандай кылып шарт түзүп бериши керек", — деген Жапаров.
Ал иштеп тапкан акчасын узак мөөнөттүү инвестицияга, аманатка жумшоону каалаган эмгек мигранттарын, алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган программа 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейин иштелип чыгып, кабыл алынарын айткан.
Солдаттар кытай желегинин жанынан өтүп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жапаров үй-бүлөсүнүн Кытай менен эмне байланышы бар экенин айтып берди
Программада алардын топтогон каражатынын бир бөлүгүн бизнес ачууга/өнүктүрүүгө же "мигранттар үчүн "1+1" схемасы менен бизнес ачууну каржылоо/аны өнүктүрүүгө" жеңилдетилген насыя берүү схемасы боюнча инвестициялоого мамлекет колдоо көрсөткөн инструменттерди түзүү каралган.
"Албетте, чет жакта иштеп жаткан жарандарыбыз мамлекеттен кандай жардамга үмүт арта аларын так билиши үчүн чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштерин күчөтүү кажет", — деген президент.
Ушул эле маегинде Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинге кечээ аяктаган иш сапарында эмне белек кылгандыгын айтып берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0