Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар 15-июнга чейин чыгып кетиши керек

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүРейд Федеральной миграционной службы на рынках Челябинска
Рейд Федеральной миграционной службы на рынках Челябинска - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.04.2021
Жазылуу
Россия ИИМинин маалыматы боюнча, ушул тапта өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин саны жарым миллиондон ашып кетти.
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Россиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттар 15-июнга чейин чыгып кетиши керектигин эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын 52-жыйынында коронавирус пандемиясы учурундагы миграция маселелери тууралуу сөз болду.
Горовойдун айтымында, буга чейин Россияда мигранттарга бир топ жеңилдиктер берилди. Бирок ушул тапта мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин саны жарым миллиондон ашып кетти.
"Эгер бул санды азайтпасак, 15-июндан тарта президенттин жарлыгына ылайык, мыйзамсыз жүргөндөргө өлкөдөн чыгарып салуу же чек араны жаап алуу сыяктуу чараларды колдонууга туура келет. Ар бир өлкөдө ЖМКлар аркылуу бул нерсе айтылса жакшы болмок", — деди Горовой.
Постсоветтик өлкөлөрдөн келип, уруксатсыз жүргөн мигранттардын саны:
  • 332 миң — Өзбекстан;
  • 247 миң — Тажикстан;
  • 152 миң — Украина;
  • 120 миң —Азербайжан;
  • 115 миң — Кыргызстан;
  • 61 миң — Армения;
  • 56 миң — Молдова;
  • 49 миң — Казакстан.
Министрдин орун басарынын айтымында, пандемия башталгандан бери мигранттарга Россияда жүрүү мөөнөтү автоматтык түрдө төрт жолу жылдырылды. Акыры мөөнөт 15-июнда соңуна чыгат.
Жаңылыктар түрмөгү
0