Санкт-Петербуг шаарындагы Миграция кызматынын имаратынын жанындагы миграннтар. Архив

Россия мыйзамсыз келген мигранттардын өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартты. Шарты

282
(жаңыланган 10:27 22.04.2021)
Мигранттар өлкө аймагына мыйзамсыз келсе аларга санкцияларды колдонбостон, укуктук абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү берилери айтылды.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Россияга мыйзамсыз барган мигранттардын ал жакта жүрүү мөөнөтүн узартуу жана жашаган жеринде каттоого алуу чечими кабыл алынат. Бул тууралуу РФтин Ички иштер министрлигинин чет элдик жарандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө кайрылуусунда айтылды.

Россиянын аймагында мыйзамсыз баргандар ээн-эркин жүрүп, жашай турчу жерди тандай алары белгиленди. Бул өлкөнүн айрым экономикалык тармактарында жумушчу күчтүн жетишсиздиги менен байланыштуу. Ошого карап чет элдик жарандарды курулуш, турак жай-коммуналдык чарба жана айыл чарбасында иштөөгө мыйзамдуу түрдө тартуу аракети болуп жатканы айтылат.

"Россия президентинин 18-апрелиндеги жарлыгына ылайык, мигранттар өлкө аймагына келүү мыйзамын бузган учурда аларга санкцияларды колдонбостон, укуктук абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү берилет", — деп айтылат кайрылууда.

Жалпылап айтканда Россияда мыйзамсыз жүргөндөр жашаган жери боюнча укук коргоо органдарына кайрылышы керек. Алар мигрантка жана үй-бүлөсүнө тиешелүү документтерин бүтүргөнгө жардам беришет.

282
Белгилер:
мыйзам, узартуу, мөөнөт, Мигрант, ИИМ, Россия
Тема боюнча
Мигранттар Кыргызстанга январь айында канча акча которду
Киши телефонунда QR-кодду карап жатат. Архив

Россияда ар бир мигрантка QR-код ыйгаруу сунушталып жатат. Максаты

199
(жаңыланган 14:58 27.04.2021)
Бул сунуш Россиянын 2030-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясынын алкагында өкмөттө жана адистер арасында кеңири талкууланып жатат.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Россияда мигранттардын так санын билип, алардын өлкөдө мыйзамдуу түрдө жүргөнүн аныктоо үчүн QR-код системасын киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу Россияда Куруучулардын улуттук бирикмесинин жетекчиси Антон Глушковго шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.

Бул сунуш Россиянын 2030-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясынын алкагында өкмөттө жана адистер арасында кеңири талкууланып жатат.

"Биз Россияга келип иштеп жүргөн мигранттардын так санын билип, алардын ар бири менен мамилебизди мыйзам чегинде жөнгө салышыбыз керек. Учурда ар бир мигрантка QR-код ыйгаруу сунушталып жатат. Жумушка алуу же документтерди текшерүү учурунда дал ошол код аркылуу адамдын мыйзамдуу жүргөнүн биле алабыз", — деди Глушков.

Буга чейин Россияда курулуш тармагында иштеген мигранттардын реестрин түзүү сунушталган. Бул нерсе мигранттарга жумушка оңой орношууга, айлык акысын убагында алып, жакшы шарттарды талап кылууга жардам берери айтылууда. Мындан тышкары, салык жагынан ачык-айкындуулук пайда болот.

199
Белгилер:
документ, мыйзам, Мигрант, Россия
Тема боюнча
Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар жоопко тартылбастан каттоого тура алат
Россия мыйзамсыз келген мигранттардын өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартты. Шарты
Документ текшерип жаткан ФМС кызматкери. Архив

Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар жоопко тартылбастан каттоого тура алат

264
(жаңыланган 19:34 23.04.2021)
Үстүбүздөгү жылдын 15-июнуна чейин РФ аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттар каттоого турса аларга карата административдик чара колдонулбайт жана өлкөдөн чыгарылбайт.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн кыргызстандык мигранттар 15-июнга чейин каттоого тура алышат. Бул тууралуу Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук 21-апрелде Кыргызстандын биринчи вице-премьери Артём Новиков менен жолукканда билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 15-июнуна чейин РФ аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттар каттоого турса аларга карата административдик чара колдонулбайт жана өлкөдөн чыгарылбайт.

"Россия тарап эмгек мигранттарынын укугун чектөө боюнча эч кандай иш-аракеттерди жүргүзбөйт. Бирок мигранттар каттоодон өтүп коюшу керек", — деди Новиков.

Ал ошондой эле жалпы диаспора өкүлдөрүн ишке тартып, ар бир мигрантка жеке статусун тастыктоосу зарыл экенин жеткирүү керектигин кошумчалады.

264
Белгилер:
статус, мыйзам, Мигрант, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россияда мигрант куруучулардын реестрин түзүү сунушталууда. Максаты кандай
Кумтөр алтын кени. Архив

Сот "Кумтөр" компаниясын мамлекетке 262 млрд. сом төлөөгө милдеттендирди

88
(жаңыланган 00:20 08.05.2021)
Жергиликтүү тургундар чет өлкөлүк компания экологияга зыян келтирди деген доомат менен сотко кайрылган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Сот "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын Кумтөр кенин иштетүүдөн чыккан калдыктарды Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө жыйып келгенин мыйзамсыз деп тапкан. Дээрлик 262 миллиард сомго жеткен негизги суммадан тышкары сот компаниядан 1 миллиард 308 миллион 653 миң 370 сом мамлекеттик алым өндүрүүнү чечкен.

Маалыматта ишкананын үстүнөн сотко Ысык-Көлдүн тургундары арызданганы айтылат. Жергиликтүү жашоочулар "Кумтөр Голд Компани" Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарын бузду деп даттанган. Мөңгүлөргө чыгарылган 1 миллиард 200 миллион тонна калдыктан 183 миллион куб муз талкаланганы белгиленди.

Доого жыгылган тарап 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна кайрылса болот.

88
Белгилер:
токтом, чечим, сот, айып, компания, Кумтөр
Тема боюнча
"Кумтөрдү" Акылбек Жапаров жетектеген мамлекеттик комиссия текшермей болду
Үч милдет бар. Президент Жапаров экономика кандай реформаланарын айтты