Собянин: Москвада мигранттарды эмдөө июлда башталышы мүмкүн

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЭмдөө жасап жаткан дарыгер. Архив
Эмдөө жасап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
Собяниндин айтымына караганда, мигранттарды COVID-19га каршы эмдөө үчүн "Спутник Лайт" препараты колдонулат. Россияда алты миллиондон ашык мигрант жашайт.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Москвада июль айынын башында мигранттарды коронавируска каршы эмдөө башталышы мүмкүн. Бул тууралуу калаа мэри Сергей Собянин өзүнүн блогуна жазды.
Анын айтымына караганда, вакцинацияга "Спутник Лайт" препараты колдонулушу ыктымал.
"Өткөн жылы биринчи кезекте Россиянын жарандарын эмдөөдөн өткөрүү боюнча чечим кабыл алынган. Чектөөлөр ушуга гана байланыштуу. Учурда "Спутник Лайт" даярдала баштады. Негизи бул "Спутниктин" биринчи классикалык компоненти. Аталган препарат менен мигранттарды эмдөөгө уруксат алууну көздөп жатабыз. Биздин эсеп боюнча эмдөө июлда башталат", — деди Собянин.
Россиянын ИИМинин 2020-жылдагы декабрь айына карата алынган маалыматы боюнча, өлкөдө алты миллиондон ашык мигрант жашайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0