Москва бийлиги мигранттарды эмдөө канча турарын айтты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүВакцинация от COVID-19 в Москве
Вакцинация от COVID-19 в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2021
Жазылуу
Мигранттар жумуш берүүчүлөрдүн берген арызынын негизинде эмделишет. Кийинчерээк бул схема жөнөкөйлөштүрүлүп, өзүнүн жеке иши менен алектенгендерге дагы жеткиликтүү болору айтылды.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Москвада мигранттарды коронавируска каршы "Спутник Лайт" препараты менен эмдөө акысы 1300 рублди түзүп, ал жумуш берүүчүнүн эсебинен төлөнөт. Бул тууралуу калаа бийлиги менен мэрге шилтеме берип РИА Новости жазды. 
Буга чейин мэр Сергей Собянин Москвадагы мигранттарды эмдөө пилоттук режимде башталганын жар салган. Анын айтымында, вакцинация биринчи этапта "Спутник Лайт" менен жүргүзүлөт.
Мигранттар жумуш берүүчүлөрдүн берген арызынын негизинде эмделишет. Кийинчерээк бул схема жөнөкөйлөштүрүлүп, өзүнүн жеке иши менен алектенгендерге дагы жеткиликтүү болору айтылды.
"Жумуш берүүчү вакцина акысын төлөп, кызматкерлери үчүн сертификатка ээ болот. Кызмат акы бир жумушчу үчүн 1300 рублди түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Жумуш берүүчүнүн арызы каралгандан кийин мигранттарды эмдөө датасы аныкталып, аларды тийиштүү пунктуга жеткирүү жумуш берүүчү тарабынан ишке ашырылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0